Түрк басма сөзү  15.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1583676
Түрк басма сөзү  15.02.2021

«Хабер түрк» гезити «ПККга чоң сокку урулду» деген кабарында  ПКК террордук уюмунун Ирактын  түндүгүндөгү база аймагы Гарага  карата 10 -  февралда баштатылган операциянын аяктагандыгын жазган. Операцияда 53 террорист жок кылынып, 2 террорист тирүү колого түшүрүлдү.  Операцияда бул аймактагы террористтерге оор сокку урулуп, аймак көзөмөлгө алынды. ПККнын куралсыз 13 жаранды өлтүрүшү уюмдун канкордугун дагы бир жолу көрсөтүп, саясатчылар уюмду наалатташты.

«Стар» гезити «Улуттук аскердик учакта орчундуу абал» деген маалыматында жергиликтүү жана ата мекендик 5 -  муундагы аскердик учактын уникалдуу жана жергиликтүү бир күчкө жетиши үчүн жаңы бир кадам ташталгандыгын белгилеген. Учактын жергиликтүү күч блокторун иштеп чыгуу үчүн улуттук мотор дизайны жана өнүктүрүү фирмасы TRMOTOR менен протоколго кол коюлду. Ушундайча долбоордо орчундуу бир бачкычтан өтүлгөн болду.  Улуттук аскердик учактын 2023 – жылы ангардан чыгышы пландалууда.

«Хүррийет» гезити «Илимдин чыгаан түрктөрү» деген макаласында акыркы мезгилде дүйнөдө жүргүзүлгөн илимий эмгектерге түрк илимпоздору тамгасын басканын билдирген. Биомедициналык илимпоз жана ишкер доктор Өзлем Түрежи менен профессор доктор Угур Шахин иштеп чыккан Ковид  - 19  вакцинасы менен бүткүл дүйнөгө үмүт болгонун жазган. Түрк илимпоз Камил Өндер да Ковид  - 19дун жаңы түрүн кыска убакытта аныктай турган ПЦР тесттин чыгарды. Профессор доктор Рахми Өклү болсо ракты өлтүргөн ийне сайып өзгөчө трансплатация күткөн боор рагы бейтаптары үчүн үмүт болду.

«Йени шафак» гезити «ЖП Морган : Түркия 2021 -  жылы 4,6 балга өсөт» деген кабарында Американын инвестиция банкы жана финансылык тейлөө холдинг фирмасы ЖП Морган Түркиянын 2020 – 2021 – жылдагы өсүшүн кайра карап чыкканын жазган.  Декабрь айында өнөр жай өндүрүш индексинин рекорддук деңгээлге чыгышынан кийин ЖП Морган Түркиянын 2020  экономикалык өсүү болжолунун 1, 1  пайыздан 1, 9 пайызга, 2021 -  жылы өсүү болжолун 3,3 пайыздан 4,6 пайызга чыгарды.

«Ватан» гезити «Кониянын аң уулоочу мылтыктары үчүн 65 өлкө кезекке турду» деген макаласында Кониянын Бейшехир районунда чыгарылган, Хуглу аң уулоочу мылыктары Азия, Европа жана Ыракы Чыгышта 65 өлкөгө экспорттолуп жаткандыгын маалымдаган. Тармагында брендге айланган Хуглу мылтыктары эстетикалык көрүнүшү, сапаты жана узун өмүрлүү болушу менен атаандаштарынан алдыга чыгууда. Узун аралыктуу снайпер мылтыгы OVİS болсо АКШ, Намбия, Таиланд, Индонезия жана Германияда сатылууда.



Тектеш кабарлар