Түрк басма сөзү   12.02. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1582209
Түрк басма сөзү   12.02. 2021

«Стар» гезити «Президент Эрдоган Ковид  - 19  вакцинасынын экинчи дозасын алды» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Ковид  - 19  вакцинасынын экинчи дозасын алгандыгын белгилеген. Эрдоган соцтармактан берген маалыматында : «Экинчи доза Ковид  - 19  эмдөөсүн алдым.  Буйруса эң кыска убакытта бардык жарандарыбызды эмдөөнү максат кылуудабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Тышкы иштер министрлигинен АКШга катуу каршылык» деген маалыматында тышкы иштер министрлигинен АКШнын  камактагы Осман Каваланын эркин койо берилишине карата билдирүүсүнө катуу карышылык  көрсөтүлгөндүгүн жазган.  Тышкы иштер министрлиги : «Эч бир мамлекет же эч ким түрк сотторуна буйрук бере албайт»,-  деп билдирди.

«Хүррийет» гезити «Фуат Октай : Кипрде эки мамлекетүү чечүүчү жол болот» деген макаласында Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы 2021  финансылык протоколдун алдыңкы сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн Лефкошага барган вице  - президент Фуат Октайдын Кипр маселесинде эки мамлекеттүү чечүүчү жол тууралуу чечкиндүү экендерин айтканын билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Бул жылы үчүнчү FSRU комплекси ишке кирет» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин жаратылыш газын камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү кадамдарды ташташкандарын белгилеп : "Эки FSRU (сүзүп жүрүүчү LNG сактоочу жана газдаштыруучу блокторду) иштетип, учурдагы LNG терминалдарынын кубаттуулугун дээрлик эки эсеге көбөйттүк. Мындан тышкары, үчүнчү FSRU объектиси да ушул жылдын аягында пайдаланууга берилет жана жаратылыш газыбыздын инфраструктурасы дагы ийкемдүү абалга келет",- дегенин белгилеген.

«Йени шафак» гезити «Франция медиасы студенттерге акысыз тамак таркаткан түрк жаранынан сөз кылууда» деген маалыматында Франциянын Реймс шаарында «L'Istanbul» аттуу кебап дүкөнүн иштеткен түрк жараны Мавзер Ташделендин белгилүү күн жана сааттарда жүздөгөн студентке акысыз дөнер таркатып жаткандыгын маалымдаган.  Эпидемия мезгилинен таасирленген студенттерге жардам берүү үчүн ушундай кадам таштаганын айткан Ташделендин кампаниясы бир топ француз медиасында кенен орун алды.



Тектеш кабарлар