Түрк басма сөзү 10.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1580701
Түрк басма сөзү  10.02.2021

«Ватан» гезити «Президент күндү белгиледи : 2023 -  жылы айга учабыз» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ борбор шаар Анкарада Бештепе Улуттук Конгресс жана маданият борборунда космостук агенттик тарабынан даярдалган «Улуттук Космостук Агенттикти» таанытуу жыйынында сөз сүйлөгөнүн белгилеген. Президент Р. Т. Эрдоган «Улуттук космостук программасындагы негизги жана маанилүү максатыбыз республикабыздын 100 -  жылында айга учуу. Буйруса  айга учабыз. Даярдыктарын баштаган ай программасы менен бул максатты эки этапта акырына чыгарууну ойлоп жатабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Макрондун дипломатиялык башкы кеңешчиси Бонн менен сүйлөштү» деген кабарында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын кечээ Франциянын президенти Еммануэль Макрондун дипломатиялык башкы кеңешчиси Еммануэль Бонн менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым  - катнаштар, Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштары, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Жогорку Карабах, Сирия жана Ливия темалары каралды.

«Хүррийет» гезити «Өмер Челик Борбордук иш алып баруу кеңешинин жыйынынан кийин  маалымат берди» деген макаласында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин кечээ партиясынын Борбордук иш алып баруу кеңешинин жыйынынан кийин берген маалыматта түрк аскерлеринин Кипрде туруктуу болорун жана ал жерден чыкпай тургандыгын баса белгилегенин жазган.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору дагы биринчи орунда» деген кабарында түрк аба жолдору Европанын Аэронавигациялык Коопсуздук Уюмунун маалыматына караганда бул айдын биринчи жумасында күнүмдүк орточо 588 учак каттамы менен Европада дагы биринчи орунду алганын, Air France болсо күнүмдүк 381 каттам менен экинчи орунда экендигин билдиргенин белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «Январь айында чай эксопртунан 1, 6 миллион доллар киреше» деген макаласында январь айында Түркиядан 60 өлкөгө 392 тонна чай экспорттолуп, 1 миллион 643 128 доллар киреше алынгандыгын маалымдаган. Бельгия, Германия жана Израиль эң көп чай сатылган өлкөлөр болду.



Тектеш кабарлар