Түрк басма сөзү 09.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1579873
Түрк басма сөзү 09.02.2021

«Ватан» гезити  «Президент Эрдоган Меркель менен сүйлөштү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Германиянын канцлери Ангела Меркель менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн жазган. Эрдоган сүйлөшүүдө Түркия  - Европа  -  Биримдиги карым  - катнаштарын оң күн тартиби менен алдыга жылдырууда чечкиндүү экендерин белгилеп, Март саммитине кеткен процессте байланыштарды арттырып техникалык сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшүн каалашкандарын айтты.

«Йени шафак» гезити «Немис басма сөзү Түркиядагы эмдөөдөн мактоо менен сөз кылды» деген макаласында коронавируска карата көрүлгөн чаралар рекорддук деңгээлге жеткен жана саламаттык сактоо системасында чоң кыйынчылыктарды жашаган Германияда кризис күн өткөн сайын чоңоюп баратканын белгилеген. Түркияда болсо жүргүзүлүп жаткан эмдөө иштери немис медиасын таң калтырды. Немис басма сөзү : «Түркияда Германияга караганда дагы көп киши эмделип жатат. Эмдөө иштеринде эч бир маселе жок»,- деп жазды.

«Стар» гезити «Шиярто : Европанын коопсуздугу Түркиядан өтөт» деген маалыматында расмий жолугушуулар үчүн Анкарага келген Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Шияртонун : «Түркия менен карым  - катнаштарыбызга чоң маани беребиз. Миграция тууралуу Европанын коопсуздугу Түркиядан өтөт. Ортоңку Европанын энергетикасынын коопсуздугуна чоң салым кошууда»,- деди.

«Сабах» гезити «Орус туристтер февраль айында жайды өткөрдү» деген кабарында Анталиянын Демре районунда орус туристтердин февраль айында табияттын жана деңиздин ырахатын чыгарып, Жер Ортолук деңизинин көгүлтүр сууларында сүзүшкөндөрүн билдирген.

«Хүррийет» гезити «Аэропорттордо январь айында 5,2 миллион жүргүнчү тейленди» деген жазуусунда жалпы Түркиядагы аэропорттордо бул жылдын январь айында тейленген жалпы жүргүнчү саны 5 миллион 227 452  болуп катталганын маалымдаган.

 

 

 



Тектеш кабарлар