Түрк басма сөзү 08.02. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1579078
Түрк басма сөзү 08.02. 2021

«Хүррийет» гезити «Түркия Европанын алдында» деген макаласында коронавирустан улам баарында «Турмуш качан калыбына келет» деген суроонун бар экендигин белгилеген. Американын Bloomberg каналынын эсебине караганда  эгерде вакциналарды таратуу ушундай ылдамдык менен улантылса жана жаңы вариянттарга каршы дагы таасирдүү боло турган болсо глобалдык иммунитетке жетишүү үчүн 7 жылдын керек экендиги белгилегенгенин жазган.  

Эки доза вакцинага карата эсептөөлөрдө 2 жыл 6 айдан кийин Түркиянын калкынын 75 пайызын эмдөө менен иммунитетке ээ болору көрүнүүдө. Бул мөөнөт боюнча Түркия 3 жыл 2 ай менен Германия, 3 жыл 4 ай менен Бельгия жана 3 жыл 9 ай менен Нидерландия сыяктуу Европа өлкөлөрүнөн алдыда.

«Стар» гезити «Эки өлкөнүн ортосунда бир алгычкы! Инвестиция үчүн Түркияга келе жатышат» деген кабарында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Шияртонун венгер медициналык фирмасынын инвестициясы үчүн Түркияга келерин белгилеген.  2 миллион евролук инвестиция Венгриянын медициналык өнөр жай тармагында Түркияга жасалган алгачкы түздөн түз инвестиция болуу жагынан мааниге ээ болууда.

«Хабер түрк» гезити «Жаңыланган улуттук жөө аскер мылтыгы кызматка даяр» деген маалыматында машина жана химиялык өнөр жай корпорациясы тарабынан иштелип чыккан жана квалификацияланган  улуттук жөө аскер  мылтыгы MPT-76-MHтын жеңилдетилип коопсуздук күчтөрүнүн колдонуусуна даяр экендигин жазган.  400 граммдан ашык  жеңилдеген мылтыктын салмагы  3 килограмм 750 грамм болду.

«Сабах» гезити «Жаңы идентификация системасы март айында башталат» деген кабарында

BİYOTEKSANдын HAVELSAN инженердик колдоосу менен  иштеп чыккан, жергиликтүү бармак изин таануу системасында акыркы этапка келингедигин белгилеген. Система биринчи жолу март айынан тарта ички иштер министрлигинде колднула баштайт.

«Йени шафак» гезити «Январь айында Кападокияга 42 650 турист келди» деп жарыялаган билдрүүсүндө Түркиянын пери морулары жана теңдеши жок кооздуктагы өрөөндөрү, ысык аба шары, жер астындагы шаалары менен белгилүү туризм борборлорунан Кападокия аймагындагы музейлерин январь айында 42 650 жергиликтүү жана чет элдик турис кыдырган.



Тектеш кабарлар