Түрк басма сөзү 01.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1574956
Түрк басма сөзү  01.02.2021

«Сабах» гезити «Ф  - 16лар үчүн аракетке өтүлдү» деген кабарында түрк аба күчтөрүнүн сокку уруучу негизги элементи болгон Ф  - 16лар үчүн күчтөндүрүү иштеринин башталгандыгын жазган. Президенттик коргоо өнөр жай төрагасы Исмаил Демир : «Ар бир учак башына 1200 – 1500 даана структуралык бөлүктү жаңылоо жана жаңыртуу үчүн инженердик иштер жүргүзүлүп жатат. Ф-16 учактарыбыздын структуралык өмүрүн 8000 сааттан 12 000 саатка жеткирүүнү максат кылып жатабыз»,- деди.

«Стар» гезити «АКШ кургактык күчтөрүнүн журналында  Ататүрккө мактоо» деген макаласында АКШнын кургактык күчтөрүнө таандык «Military Review» журналында Түркия республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн  аскердик лидерлигинен мактоо менен сөз болгондугун белгилеген. Майор Эрик Вендитти жарыялаган макалада Ататүрктүн Чанаккале согушундагы лидерлигине көңүл бурулган. Анын согуштун орчундуу  жерлеринде туура чечим чыгаргандыгы белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Түркия туристтерге ишеним берүүдө» деген маалыматында Дүйнөлүк туризм форуму институтунун башкы катчысы Талеп Рифаи Түркиянын Ковид  - 19  эпидемиологиялык процессинде  туризмде көргөн чараларынын мыкты экендигин айтканын маалымдаган. Рифаи : «Түркия жергиликтүү жана чет элдик туристтерге ишеним берүүдө. Мунун улантылышы менен 2021 -  жылдын 2020 – жылдан дагы жакшы болоруна ишеним»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия автомобиль базары 25   Европа өлкөсүнө өттү» деген кабарында 2020 – жылдын акырында Түркия Европа өлкөлөрүнүн арасында жалпы автомобиль сатуу көлөмү боюнча алтынчы, Европа соодалык унаа сатуу боюнча төртүнчү  өлкө катары орун алганын белгилеген. Европада 2020 -  жылы андан мурунку жылга караганда автомобиль сатууну көбөйткөн бир өлкө болгон эмес, ал эми Түркия сатуусун көбөйткөн бир гана өлкө болду.

«Йени шафак» гезити «Кургатылган мөмөнү Ковид  - 19 токтото албады» деген маалыматында Түркия  Ковид  - 19 таасирин тийгизген 2020 -  жылы да кургатылган мөмө экспортун улантканын жазган. Адамдардын бузулбай турган, узун убакыт сактоого боло турган, энергия берген категорияга койгон кургатылган продукцияларда эң көп талап кылынган продукция мейиз, кургатылган өрүк, кургатылган анжир жана Антеп мистеси болду.



Тектеш кабарлар