Түрк басма сөзү  19.01.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1566403
Түрк басма сөзү  19.01.2021

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Экономикада күчтүү жогорулоо үчүн керек болгон реформаларды жүргүзүүдөбүз» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ берген билдирүүсүндө билим берүүдөн саламаттык сакттоого, транспорттон энергетикага, өнөр жайдан соодага чейин бардык тармакта ылайыктуу кадамдарды ташташкандарын белгилегенин жазган. Эрдоган : «Экономикада күчтүү жогорулоо үчүн керек болгон реформаларды жүргүзүп, жүргүзүп жаткан саясаттарды чечкиндүүлүк менен ишке ашыруудабыз. Өлкөбүздүн потенциалын инвестиция, өндүрүш, өсүү, жумуш менен камсыз кылуу жана экспортко карата аракетке өтүүдөбүз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу Маас менен жолугушту» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Анкарада немис кесиптеши  Хейко Маас менен өткөргөн жолугушуудан кийин маалымат бергендигин белгилеген. Эки министр Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы карым  - катнаштарда  алдыга умтулуу керектигин белгилешти.

«Йени шафак» гезити «Министр Акар : ПКК менен күрөшүүдө бардык кызматташууларга даярбыз» деген маалыматында кечээ Иракта жолугушууларды өткөргөн улуттук коргоо министри Хулуси Акар ПКК жикчил террордук уюм менен күрөшүүдө кызматташуу жана координациянын абдан маанилүү роль ойногондугун белгилеп : «Ирак менен бардык кызматташууларга даярбыз. Биздин бир гана максатыбыз элибиздин коопсуздугу, чек араларыбызды коргоо, чектерибиздин негизинде тынчтык жана бейпилдик ичинде жашоо, укук жана кызыкчылыктарыбызды коргоо»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түркали  -1деги иштер аяктады» деген кабарында Сакария газ аянтындагы жаратылыш газ табылгандан кийин бургулоо иши аткарылган алгачкы деңиздин тереңдигин аныктоо кудугу болгон Түркали  - 1деги иштер 77 күндө ийгиликтүү аяктаганын билдирген. «Фатих» бургулоо кемеси 5 -  ноябрда баштаган ишинде Түркали  - 1  кудугунда 3 920 метр тереңдикке чейин бургулоо ишин каткарды.

«Сабах» гезити  «Британиялыктардын тандоосу  2020 -  жылы дагы Мугла болду» деген жазуусунда көзгө көрүнүктүү туризм борборлорунун бири Муглаг Ковид  - 19га карабастан ишенимдүү жана ден соолукка пайдалуу  тейлөөсүнүн саясында британиялыктардын тандаган жери болду.  Муглага өткөн жылы 695 314 турист келген. Эң көп турист келген өлкөлөр кезеги менен 309 717 турист менен Британия, 159 397  турист менен Россия, 127 564 турист менен Украина, 17 424 турист менен Польша, 16 313 турист менен Германия болду.



Тектеш кабарлар