Түрк басма сөзү 10.12.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1542967
Түрк басма сөзү 10.12.2020

 

«Стар» гезити «Эрдогандын ЕБне ачык билдирүүсү: Түркия былкылдабайт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжанга сапарынын алдында Эсенбога аэропортунда билдирүү жасаганын жазган. Президент Эрдоган, 10-декабрдан 11-декабрга чейин өтө турган Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитине байланыштуу, «Түркияга карата боло турган ар кандай санкциялар Түркияны  былкылдата албайт»,-деди.

 

«Йени шафак» гезити «Германиянын басма сөзү түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары жөнүндө айтып жатат» аттуу маалыматында Түркия өндүрүшүнүн учкучсуз учуучу учактары / куралдуу учкучсуз учуучу учактарынын ийгилиги эл аралык аренада резонанс жаратып жатканын маалымдаган. Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары ​​Германиянын басма сөз тармагында алардын күн тартибинде, «Биз куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын зарылдыгын талкуулаап жатканда, Түркия ийгиликтүү технология жарата алды. Алар бул жагынан абдан жогорку техникалык деңгээлге жетишти жана Тарыхтагы биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар согушу Карабахта болду. Алар согуштун жүрүшүн өзгөрттү»,-деп жазылган.

 

«Сабах» гезити «Түркиянын тарыхында биринчи!» деген маалыматында Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Bioeksen R & D Technologies менен өнөктөштүктө иштелип чыккан Kovid-19 диагностикалык комплекси Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) макулдугун алып, бул тармактагы алдыңкы компаниялардын катарына кирди. Бекитилгенден кийин, биздин өлкөнүн тарыхында биринчи жолу атамекендик медициналык диагностикалык технология Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму тарабынан жактырылып, бүткүл дүйнөнүн пайдалануусуна сунушталган болду.

 

«Хүррийет» гезити «Түркияда биринчи жолу литий карбонатын өндүрө баштады» деген кабарында Эскишехир Сейитгази районундагы Этимаден Кырка комплекстеринде, Түркияда биринчи жолу литий карбонат өндүрүшүн баштаганын маалымдаган. Пилоттук заводдо биринчи жылы 10 тонна литий карбонатын өндүрүп, андан кийин кубаттуулугун 600 тоннага жеткирүү максаты коюлган. Этимадендин технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Деря Марашлыоглу, чыгарылган биринчи литий карбонатынын ата мекендик электромобилдерде колдонула турган литий сапатында болгонун айтты.

 

«Ватан» гезити «Эс алууга келгендер кетпей жатышат! Октябрь айында 23 пайызга өстү» деген кабарында Түркияда чет өлкөлүктөргө турак жай сатуу, анткени август айында ачылган каттамдар өткөн жылга салыштырмалуу ай сайын көбөйүп уланганын маалымдаган. Быйыл өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 23,1 пайызга өсүш болду. Түркиядан

эң көп турак үйдү  Ирак, Иран, Россия, Ооганстан, Казакстан, Кувейт, Улуу Британия, Германия, Азербайжан Иорданиядан келген жарандар алган.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар