Түрк басма сөзү  08.12.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1541407
Түрк басма сөзү  08.12.2020

«Сабах» гезити «Эрдоган : Түркия эл аралык инвесторлорго маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Эл аралык инвесторлор коому тарабынан өткөрүлгөн «Эл аралык инвестиция саммитине» видео билдирүү жибергенин жазган.  Эрдоган билдирүүсүндө : «Өлкөбүздүн, өзгөчө борбору Азия болгон өндүрүш желесине альтернатив издеген эл аралык инвесторлорго маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү сунгандыгына ишенем»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Караисмаилоглу : Улутук электр поезд топтому өндүрүлө баштады» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун : «Баарыбызды сыймыктандырган долбоорубуз Улуттук электр поезд топтомунун өндүрүлүшү башталды. 2020  - жылдын биринчи жарымында прототиби рельске түшүрүлгөн  2 топтомдун 2021 -  жылы массалык өндүрүшүн баштайбыз»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Меркелден Шахин жана Түрежиге мактоо» деген макаласында Германиянын канцлери Ангела Меркелдин өлкөдө түркчө жана немис тилинде берүүлөрүн чыгарган радио программасында берген билдирүүсүндө BioNTechтин куруучуларынан түрк профессор доктор Угур Шахин жана жубайы доктор Өзлем Түрежинин жаңы тип коронавируска каршы вакцина табуусунан улам кубанычтуу экендигин айтканын билдирген. Меркель өзгөчө Түркияда үй  - бүлөгө канчалык баа берилгендигин билгенин белгилеп : «Түркияда үй  - бүлө улууларына көрсөтүлгөн сый абдан жогору бирок улууларды өзгөчө коргоо керек. Жакшы көргөн кишилерибиз менен  бир канча убакыт  дагы аралыкты сактоого мажбурбуз»,- деди.

«Стар» гезити  «АФАД 10 өлкөгө 55 миллион долларлык гуманитардык жардам берди» деген кабарында Түркия Апаат жана чукул абалдарды бакшаруу башкармалыгынын арачылыгы менен 2019 -  жылы чукул абалдардан таасирленген адамдар болгон 10 өлкөгө 55 миллион долларлык гуманитардык жардам бергенин белгилеген.

«Ватан» гезити «Дүйнөнүн эң күчтүү аба күчтөрү белгилүү бооду» деген жазуусунда 'Global Firepower' аттуу интернет сайты даярдаган тизме менен дүйнөнүн эң күчтүү аба күчтөрүнө ээ армиялар тизмеленди деп билдирди. Түркия 1056  даана аба унаасы менен 10 -  орунду алды. Тизмеде 13 362  даана аба унаасы менен АКШ биринчи, 3 914 аба унаасы менен Россия экинчи орунду алды.



Тектеш кабарлар