Түрк басма сөзү  07.12.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1540976
Түрк басма сөзү  07.12.2020

«Хабер түрк» гезити «Тышкы иштери : Греция чыңалууну арттыруучу кыймылдарын улантууда» деген макаласында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксойдун  грек басма сөзүндө Түркиянын Европа Биримдиги саммитинен мурда Эгей жана Жер Ортолук деңиздеги аскердик иштерин күчөткөндүгүнө байданыштуу чыккан кабарлар тууралуу суроолорго жооп бергендигин жазган. Бул тууралуу чыккан кабарлардын чындыкка жатпагандыгын белгилеген Аксой : «Тескерисинче Греция 20 -  октябрдан тарта Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде 24 аскердик иштердин аткарыла тургандыгын жарыялап аймакта көкүтүүчү жана чыңалууну күчөтүүчү аскердик кыймылдарын улантууда»,- деди. Аксой : «Греция Түркия  тууралуу эки тараптуу маселелерин башкалардан жардам үмүтү менен эмес, Түркия менен столго отуруп, кызматташуу жана диалог менен гана чече алат»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук коргоо министрлиги жарыялады : 28  операцияда 58 террорист жок кылынды» деген кабарында улуттук коргоо министрлигинен кечээ берилген маалыматка караганда акыркы 1 айда болгон 28 операцияда 58 террорист жок кылынды.

«Сабах» гезити «Кануни бургулоочу кемеси ишин аткарууга даяр» деген  маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Түркиянын үчүнчү бургулоочу кемеси «Канунинин» Кара деңизде бургулоо ишин аткарууга даяр экендигин айтканын билдирген. Дөнмез кечээ твиттерден кеменин көрүнүштөрүн камтыган бир видео бөлүшүп, : «Кануни Кара деңизде бургулоо иштери үчүн даярданып жатат. Артка карай саноо башталды»,- деди.

«Стар» гезити «Стамбул аэропорту Европада эң көп каттам жасалган аэропорт болду» деген кабарында Европанын аба кыймылынын коопсуздугун камсыздоо уюмунун маалыматтарына караганда Стамбул аэропорту 28 -  ноябрь жана 4 -  декабрдын арасында Европада эң көп каттам жасалган аэропорт болгондугун белгилеген. Стамбул аэропорту 28 -  ноябрда 471, 29 -  ноябрда 542, 30 -  ноябрда 496 каттамды ишке ашырып Европанын алдыңкы аэропортторун артта калтырды.

«Ватан» гезити «Фочада күтүлбөгөн нерсе! Болжол менен 250 жыл мурункусуна таандык» деген маалыматында түрк окумуштууларынын Измирдин Фоча районуна жакын жерлерде жүргүзгөн эмгегинде 18 -  кылымдын акырларында чөккөндүгү болжолдолгон жана кенен аянтка чачылган аскердик кеме табылганын белгилеген. Кеменин кайсы өлкө тарабынан, эмне максатта колдонулгандыгына байланыштуу маалыматтарды тактоо үчүн кенен иликтөө баштатылды.



Тектеш кабарлар