Түрк басма сөзү 11.11.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1525650
Түрк басма сөзү 11.11.2020

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан билдирүү» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ борбор шаар Анкарадагы Бештепе Улуттук Конгресс жана Маданий Борборунда Ататүрк Маданият, Тил жана Тарых Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган эскерүү аземинде сөз сүйлөгөнүн жазган. Эрдоган экономика тууралуу маанилүү кабарларды берип, 100 жыл мурда Түркиянын Мустафа Кемал Ататүрктүн саясында капитуляциялардан кутулгандыгын, бүгүн болсо заманбап капитуляцияларга каHшы күрөштүн улантылып жаткандыгын баса белгиледи. Эрдоган : «Ушул күнгө чейин көптөгөн тармакта өлкөбүздү максатына жеткиргенибиздей эле экономикада да дүйнөнүн биринчи 10на кириши үчүн аракет кылабыз. Мунун Мустафа Кемал Ататүрккө мыкты бир белек болоруна ишенем»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу : Пашинян акырында баш тартууга аргасыз болду» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөргөндүгүн белгилеген. Армения  - Азербайжан ок атышпоосу тууралуу сөз сүйлөгөн Чавушоглу : «Ар жолкусунда ок атышпоону бузган, согуштун болушун каалаган Армения болду. Армения мында оор жоготууга учурады. Кечээ 3 өлкөнүн ортосунда ок атышпоо келишимине кол коюлду. Эми мунун кандай көзөмөлгө алынары турат»,- деди.

«Ватан» гезити «Президенттиктин катчысы Калындан Азербайжан билдирүүсү»                            деген маалыматында Азербайжан менен Армениянын ортосунда кол коюлган ок атышпоо келишими тууралуу твиттерден маалымат берген президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын буларды белгилегенин билдирген : « Карабах эми эркиндикке чыкты. Карабах Азербайжан. Түркия мындан кийин да Азербайжандын жанында болот».

«Сабах» гезити да  «Хулуси Акардан Азербайжан билдирүүсү» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ Азербайжан менен Армениянын ортосунда кол коюлган ок атышпоо тууралуу  : «30 жылга жакын убакыттан бери  оккупацияда болгон  өз жерлерин кайра алуу, Армениянын варварларча кол салууларын токтотуу үчүн күрөшкөн жана бул күрөштү бешене тери менен акырына чыгарган Азербайжан түркү боордошторубуздун жеңишин куттуктайбыз. Кол коюлган ок атышпоо келишиминдеги шарттардын орундатылышы, басып алынган бардык жерлердин Азербайжанга тапшырылышы, аймакта тынчтык чөйрөсүнүн кайрадан түзүлүшү процессинде да азербайжандык боордошторубуз менен бир жүрөк болууну улантабыз»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түркиядан Кытайга биринчи жолу канаттуу эти жана азыктары экспорттолду» деген макаласында айыл  - чарба жана токой министри Бекир Пакдемирли дүйнөнүн негизги экспортчуларынын бири болгон Кытай Эл Республикасынын каалгаларынын түрк канаттуулар тармагына ачылгандыгын айтканын белгилеген. Министр Пакдемирли 6 -  ноябрдан тарта Кытайга биринчи канаттуу эти жана азыктарынын экспорту башталгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар