Түрк басма сөзү 10.11.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1525004
Түрк басма сөзү 10.11.2020

«Сабах» гезити «Президент Эрдоган : «Буйруса жакында Чыгыш Жер Ортолук деңизден да жакшы кабар алабыз» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын 12 -  Элчилер конференциясында  сүйлөгөн сөзүндө Кара деңиздеги 405 миллиард метр куб жаратылыш газ запастарын эске салып, бардык көңүлдөрдү Чыгыш Жер Ортолук деңизге бурганын жазган. Эрдоган : «Буйруса жакында Чыгыш Жер Ортолук деңизден да жакшы кабар алабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу : жергиликтүү жана улуттук бир тышкы саясат жүргүзүүдөбүз» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун : «Түрк улутунун демилгечи руху, адилеттүү маданиятын тышкы саясатыбызга чагылдыруудабыз. Аянтта жана столдо күчтүү, жергиликтүү жана улуттук тышкы саясат жүргүзүүдөбүз»,- дегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Пашинян жеңилүүнү жарыялады жана Армения Карабахта багынды» деген маалыматында Армениянын премьер  - министри Никол Пашиняндын Азербайжан жана Россиянын президенттери менен ок атышпоо үчүн биргеликте бир билдирүүгө кол коюшкандарын жарыялаганын жазды. Пашинян бул абалдын өзү жана Армения калкы үчүн «абдан аянычтуу» экендигин билдирди. Армения Келбежер, Агдам жана Лачындан кийин Тоолуу Карабахтын баарынан да чегинет. Бир тараптан Россиянын президенти В. Путин Азербайжан менен Армениянын ортосунда бүгүн түнү 00:00дөн тарта ок атышпоонун башталгандыгын жарыялады. Азербайжандын президенти Илхам Алиев  келишүүнүн Армения жеңилди деген мааниге келгенине көңүлдөрдү буруп : «Пашинян келишимге өз каалоосу менен эмес, Азербайжандын темир муштумунун саясында кол койду»,- деди.

«Ватан» гезити «Дүйнөдө 3 -  болот!» деген кабарында Артвинде курулушу бүткөндө эки ийри бетон арка категориясында Түркиянын биринчи, дүйнөдө үчүнчү эң бийик суу сактагыч боло турган Юсуфели суу сактагычы жана ГЭСтин бийиктиги 247 метрге жеткенин жазган.  

«Стар» гезити «Швецияда жылдын Ардак сыйлыгын Мелекнур Алевжан алды» деген макаласында Швециядагы Лулеа техникалык университети «Жылдын Ардак сыйлыгын» түрк психологу Мелекнур Алевжанга бергенин жарыялаган. Университет 2019 -  жылы психология программасын аяктаган Алевжанды жаңы тип коронавирус эпидемиясында изоляцияланган жүздөгөн кары кишилерге акысыз терапия бергени үчүн сыйлыкка ылайык көрүлгөндүгүн билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар