Түрк басма сөзү 09.11.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1524416
Түрк басма сөзү 09.11.2020

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган : Азербайжандык бир туугандарыбыз сабыр кылышты жана жеңишке жетишти» деген кабарында  Президент Р. Т. Эрдогандын партиясынын Кожаели облустук конгерссинде сүйлөгөн сөзүндө Тоолуу Карабахты бошотуу үчүн күрөшкөн азербайжандыктардын Шуша жеңишин куттуктап баштагандыгын айтканын жазган. Эрдоган : «30 жылдан бери Минск үчтүгү тарабынан дээрлик унутта калтырылган, алдатылган жана 30 жылдан бери күтүп жаткан  азербайжандык бир туугандарыбыз сабыр кылышты жана жеңишке жетишти»,- деди.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн көзү бул жерде болот» деген макаласында түрк коргонуу өнөр жайынын жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам жарманке жана ишти өнүктүрүү иш чаралары чектелген бир чөйрөдө үч өлчөмдүү санариптик жарманке XperExpo менен дүйнөгө ачыларын белгилеген. Бүгүн ачыла турган жана 2021 -  жылдын 9 -  апрелине чейин боло турган жарманкеде  Түркиянын коргонуу өнөр жайында акыркы мезгилде чыгарылган бир топ жаңы продукция да көргөзмөгө чыгарылат.

«Хабер түрк» гезити «Балкандарга 10 айда 10 миллиард долларлык экспорт» деген маалыматында Балкандарда жылдын 10 айында 10 миллиард 213 миллион долларлык экспорт жасалып, Балкан өлкөлөрүнүн арасында эң көп экспорт 3 миллиард 74 миллион доллар менен Румынияга жасалгандыгын билдирген.

«Стар» гезити «Дүйнөнүн саналуу өлкөлөрүнүн бирибиз» деген кабарында Издөө -  куткаруу коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Режеп Шалжынын Түркиянын изидөө -  куткаруу иштеринде дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрүнүн бири экендигин айтканын жазган. Шалжы : «Түркия издөө  - куткарууда абдан күчтүү. Издөө – куткаруу жактан дүйнөдөгү бир топ мамлекет Түркиядагы бул тажрыйба, иштөө жана камсыздоого суктанат. Өлкө тышына чыкканыбызда биз менен иштегилери келет. Бул да Тркиянын күчүн көрсөтүүдө»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Формула - 1 үчүн аянт даяр» деген маалыматында дүйнөнүн негизги спорттук оюндарынан Формула  - 1дин 9 жылдан кийин кайрадан Intercity Стамбул Практа өткөрүлөрүн белгилеген транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун аянттагы асфальт  жаңылоо иштеринин аяктагандыгын белгилеп : «Өлкөбүзгө, Стамбулубузга жарашкан сыймыктаныруучу бир жарышты өткөрүүнүн жоопкерчилигин жана кубанычын сезип жатабыз»,- дегенин жазган.



Тектеш кабарлар