Түрк басма сөзү  02.11.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1520110
Түрк басма сөзү  02.11.2020

«Стар» гезити «Эрдоган : расист терроризм, батыш өлкөлөрүндө жугуштуу оору сыяктуу жайылууда» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын : «Геноцид : Сребреницадан алынган сабактар» аттуу лидерлер саммитине видео билдирүү жибергендигин жазган.  Эрдоган : «Европалык мусулмандар системалуу түрдө бөлүүчүлүккө учурап, мыйзамдуу укук жана эркиндиктери колдорунан алынууда»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан Грецияга Navtex жообу» деген макаласында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксойдун Грециянын Түркиянын Navtex жарыясы тууралуу билдирүүлөрүнө жооп бергендигин билдирген. Аксой : «Грециянын максималист  ойлоруна таянып ар бир Navtex жарыясынын артынан аткарган иштерибизге нааразычылык билдириши курулай аракет.  Өлкөбүз эл аралык мыйзамдан келип чыккан укуктарынын негизинде аймактагы иштерин улантат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Армения жеңилгенин жарыялашы керек» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Түркиянын Азербайжанга колдоо көрсөтүүсү үчүн дагы бир жолу Бакуга барып Президент Илхам Алиев менен жолугушканын маалымдаган. Согуштун улантылышынан Армениянын премьер  - министри Никол Пашиняндын жооптуу экендигин белгилеген Алиев : «Армения жеңилгенин жарыялап армиясын жерибизден чыгарышы керек жана маселенин столдо чечилиши эң туура жол»,- деди.

«Ватан» гезити Түркия жана Азербайжандан энергетика боюнча кызматташуу протоколу» деген кабарында Энергетикалык рынокту жөнгө салуу мекемеси ЭПДК жана Азербайжан энергетиканы жөнгө салуу агенттигинин арасында электр жана жаратылыш газ базарларында кызматташуу протоколуна кол коюлганын белгилеген. Протоколдун негизинде эки өлкөнүн электр жана жарытылыш газ базарларында ырааттуу ченемдик  укуктук база түзүлөт.

«Сабах» гезити «Түркияга ыраазыбыз» деген макаласында Голливуд жылдызы Арманд Ассанте : «Түркияга качкындарга берген колдоосунан улам ыраазыбыз»,- дегенин белгилеген. Ассанте : «Түркия чоң бир ыктыярдуулук менен жеринен кеткен миллиондогон кишинин жүгүн ташып, миллиондогон жаралууну бооруна басты. Түркия өз ырааттуулугун тобокелге салса да качкындарды кабыл алды»,- деди.

 



Тектеш кабарлар