Түрк басма сөзү 08.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1486803
Түрк басма сөзү 08.09.2020

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдогандан Грецияга катуу эскертүү» деген макаласында  Президент Р. Т. Эрдогандын  кечээ болгон Кабинет жыйынынан кийин Түркиянын аймагында сөз ээси болгон өлкө экендигин белгилеп : «Акыркы күндөрдө Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгейде тарыхтан сабак албастан Түркиянын акысын жана мыйзамын жокко чыгарып буйрук берүүгө аракет кылгандар да акырында бул чындыкты кабыл алат. Өз жарандарынын коопсуздугу менен бейкуттугун коркунучка салса да Түркияга каршы чыккандар учуру келгенде мунун беделин оор төлөөрүн ачык айтам»,- деди.

«Сабах» гезити «Улуттук коргоо министри Хулуси Акардан орчундуу НАТО сүйлөшүүсү» деген кабарында  Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын НАТОнун аскердик комитет төрагасы, армиянын генералы Стюарт Пич менен жолугушкандыгын билдирген. Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта : «Акардын Пич менен жолугушуусунда  Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдар, НАТОнун башкы катчысынын демилгеси жана башка НАТО маселелери каралды»,- деп маалымдалды.

«Стар» гезити «Украина учак фирмасы Антонов Түркия менен биргелешкен өндүрүштү каалап жатат» деген маалыматында Украинанын учак фирмасы Антоновдун жогорку башкаруучусу Александр Лось Түрк учак өнөр жайынын АН  - 178 учагын өндүрүү процессинде орун алышы керектигин белгилегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Сабиха Гөкченде жүргүнчү саны көбөйүп баратат» деген кабарында  Стамбулдагы Сабиха Гөкчен эл аралык аэропорту август айындагы жүргүнчү санын билдиргенин  маалымдаган. Ушуга караганда авгст айында Сабиха Гөкчен аэропортунан 1 миллион 813 000 жүргүчү саякаттап, бул сан июль айына салыштырганда  48 пайыздык катнашта өсүү көрсөттү.

«Ватан» гезити «АКШ алпы минералдык майды Түркияда өндүрөт» деген макаласында Petrol Ofisi менен Chevron Brands International LLCнин ортосунда минералдык май тармагында лицензиялоо, өндүрүү, таркатуу жана маркетингди камтыган узун мөөнөттүү  келишимге кол коюлганын билдирген. Борбору Америка болгон Chevron Түркиядагы минералдык май тармагындагы иштерин Petrol Ofisiне тапшырды.

Даярдыктардын аякташы менен Texaco маркалуу минералдык май продукцияларынын Petrol Ofisi тарабынан Түркияда өндүрүлүшүнө, 2021 -  жылдын ичинде башталышы пландалууда.



Тектеш кабарлар