Түрк басма сөзү 24.07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1461173
Түрк басма сөзү 24.07.2020

«Хүррийет» гезити «Түркиядан Францияга катуу каршылык» деген кабарында тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Франция Чыгыш Жер Ортолук деңизде ар бир таштаган жаңылыш кадам менен тарапсыздык жана ырааттуулукка салым кошуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатат. Франция өзүн чоң күзгүдөн көрүүдөн баш тартышы керек.  Сезимталдуу жана рационалдуу саясаттарды жүргүзүшү керек»,- деп билдирилгенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Калын : коркутуу же санкция деген сөздөрдү эч качан кабыл албайбыз» деген макаласында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын бир иш чарада сүйлөгөн сөзүндө : «Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги бардык табигый булактардын адилеттүү түрдө бөлүшүлүшүн каалайбыз. Биз бир гана укугубузду коргоо үчүн ал жердебиз. Коркутуу же санкция деген сөздөрдү эч качан кабыл албайбыз»,- дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Президент Эрдоган Аясофия мечитинин көрнөгүн ачты» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын 86 жылдан кийин ибадатка ачылган Аясофия мечитинде кечээ иликтөө жүргүзүп, «Аясофия – и Кебир жами  - и Шерифи» деп жазылган көрнөктү ачканын жазган.

«Сабах» гезити болсо «Аясофия үчүн атайын акча» деген кабарында казына жана финансы министри Берат Албайрак монета чыгарган мекеменин Аясофия үчүн атайын акча басып чыгарганын жарыялаганын белгилеген. Албайрак соцтармактан берген билдирүүсүндө «Монета чыгаруучу мекемебиз тарабынан басылган #AyasofyaCamii атайын акчабыз менен тарыхта дагы бир өзгөчөлүктү кылдык»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Азербайжандын тышкы иштер министри : Түркия жаман күндө Азербайжандын жанында болду» деген маалыматында Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун Армениянын кол салуусуна каршы түрк жетекчилеринен келген колдоолордун бир тууган түрк калкынын жаман күндө Азербайжандын жанында болушунун ачык мисалы экенин айтканын билдирген.



Тектеш кабарлар