Түрк басма сөзү 22. 07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1459561
Түрк басма сөзү 22. 07.2020

«Хабер түрк» гезити «Ливия тууралуу жол бербейбиз» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын эч кимдин укугун тебелебеген бирок өз укугун  коргогон өлкө катары кыймыл кылууну улантышарын айтканын жазган. Ливиядагы абалдарды жакындан иликтешкендерин баса белгилеген Эрдоган бул тууралуу жол берилбей турганын баса белгиледи.

«Сабах» гезити «Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизде өз укугун талашууну улантат» деген кабарында Президент Эрдогандын Түркиянын бургулоочу кемелери «Явуз» жана «Фатих» менен Чыгыш Жер Ортолук деңизде бургулоо иштерин аткарышкандарын белгилеп, бул кыймылдардын Жер Ортолук деңиздеги тузактарды тескерисине айландырганын айтканын жазган. Эрдоган : «Биз бирөөлөрдүн уруксатына баш ийбейбиз. Биз эл аралык деңиз мыйзамы эмнени керек кылса, Чыгыш Жер Ортолук деңизде укугубуз эмне болсо ошого жараша кадам таштадык. Мындан кийин да таштоону улантабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан Меркель менен орчундуу сүйлөшүү» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Сүйлөшүүдө Ливия жана Сириядагы абалдар каралып, экономика жана туризм башта болгон эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшүнө карата кадамдар сөз болду. Эрдоган менен Меркель Ковид  - 19 менен күрөшүүдө жана эпидемиядан кийинки мезгилде кызматташуу түзүлө турган темалар тууралуу да сүйлөштү.

«Йени шафак» гезити «Алиев : түрк калкына болгон сүйүүм сыр эмес» деген кабарында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын кол салууларында Азербайжанга колдоо берген Президент Эрдоганга ыракмат айтып : «Түрк калкына болгон сүйүүм сыр эмес»,- деди. Алиев : «Эрдоган эки бир тууган өлкөнүн бирге болорун айтты. Бул колдоо үчүн боордошума терең ыраазычылык билдирем»,- деди.

«Ватан» гезити «ТОГГ англис басма сөзүндө : Түркиянын алгачкы жергиликтүү автомобили» деген макала жазып, англис The Telegraph гезитинин Түркиянын жергиликтүү автомобили чыгарыла турган завод тууралуу берген кабарын күндүн негизги кабарыларынын арасында жарыялады.

The Telegraph кабарында : «Түркиянын алгачкы жергиликтүү автомобили ТОГГдун инженердик, проект жана өндүрүү механизминин пайдубалын түптөө аземи  Бурсанын Гемлик районунда өткөрүлдү»,- деп билдирген.



Тектеш кабарлар