Түрк басма сөзү  20.07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1458204
Түрк басма сөзү  20.07.2020

«Сабах» гезити «Эрдоган Аясофияда иликтөө жүргүздү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын 24 -  июлда окула турган жума намазы менен 86 жылдан кийин ибадатка ачыла турган Аясофия мечитинде кечээ иликтөө жүргүзгөнүн жазган. Аясофия мечитинде бир саатка жакын убакыт болгон Эрдоган маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен Стамбул губернатору Али Йерликаядан ачылуу үчүн жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат алды.

«Хабер түрк» гезити «Чай экспорту биринчи алты айда  57 пайызга жогорулады» деген макаласында Түркиядан жылдын биринчи жарымында жасалган чай экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 57, 6 пайызга өсүп, 7 миллион 587 963 долларга жеткенин жазган.

«Ватан» гезити «Ливияда колдо жасалган жарылуучу заттарга жергиликтүү робот «Кутлу» менен кийлигишүү болууда» деген кабарында Улуттук коргоо министрлигинин жергиликтүү жана улуттук робот ТМР 2нин (Кутлу) Триполиде колдо жасалган жарылуучу заттар жана ок  - дарыларды жардыруу иштеринде активдүү колдонулганын билдиргенин маалымдаган.

«Стар» гезити «Түркия Иран жана Афганстан менен каттамдарды токтотту» деген маалыматында Транспорт жана ифраструктура министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркиянын Ковид  - 19 процессинин негизинде чара көрүү максатында Иран жана Афганстанга карата каттамдардын токтотулганы белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөдө биринчи жолу кургактыкта жашаган жаныбардын фосили суу астынан табылды» деген кабарында Кайсери мэриясынын колдоосу менен Обрук үңкүрлөрдү изилдөө группасы тарабынан Ямула суу сактагычында жүргүзүлүп жаткан иштерде пилдин атасы экени болжолдолгон 7, 5 миллион жылдык 4 фосил бөлүкчөлөрү табылганын жазган. Изилдөө группасынан Али Этхем Кескин : «Мындан мурда деңиз жаныбарларынын фосилдери деңизден табылды бирок дүйнөдө биринчи жолу кургактыкта жашаган жаныбардын фосили суу атында табылды»,- деди.



Тектеш кабарлар