Түрк басма сөзү  17.07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1456806
Түрк басма сөзү  17.07.2020

«Хабер түрк» гезити «Министр Хулуси Акардан Арменияга катуу каршылык» деген кабарында Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Армениянын Азербайжанга карата кол салуусун айыптап : «Сөзсүз түрдө бул кылгандарынын эсебин берет»,- дегенин жазган. Хулуси Акар ушул күнгө чейин болгондой мындан кийин да Азербайжанга колдоо көрсөтүүнү улантышарын белгиледи.

«Стар» гезити «Алиев бүткүл дүйнө Түркия менен негизги бир тууган экенибизди дагы бир жолу көрдү» деген макаласында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жарандык отурукташуу жерлеринин аткыланышына байланыштуу : «Биз күчтүү армия курдук. Тоолуу Карабах тууралуу артка бир кадам да таштабайбыз»,- дегенин жазган. Түрк калкына жана Президент Р. Т. Эрдоганга берген колдоосунан улам ыракмат айткан Алиев : «Бүткүл дүйнө биздин негизги бир тууган экенибизди дагы бир жолу көрдү»,- деди.

«Ватан» гезити «Анталияга сезондун алгачкы британиялык турист группасы келди» деген маалыматында Түркия менен Британиянын ортосунда жаңы тип коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде токтотулган каттамдардын кайрадан башталышы менен туризмде кыймылдуулуктун боло баштаганын белгилеген. Ковид  - 19 эпидемиясы процессиндеги калыбына келүү менен бирге туризм шаары Анталияга алгачкы британиялык турист группасы келди. Алдыбыздагы күндөрдө британиялык турист кыймылдуулугунун өсүшү күтүлүүдө.

«Хүриййет» гезити  «Орус туристтер Түркияга келет» деген кабарында Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлрдүн арасында биринчи орунду алган Россия менен учак каттамдарынын кайрадан башталганын транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун билдиргенин белгилеген. Каттамдардын кайрадан башталышы менен Түркияга келген орус туристтердин санында маанилүү өсүүнүн болору маалымдалды.  Өткөн жылы Түркияга 7 миллион турис келген жана мунун 6 миллиону Анталияны тандаган.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору эң көп каттамды ишке ашырган экинчи аба жолу болду» деген маалыматында коронавирустан улам өлкө тышы каттамдарын токтоткон жана 11 -  июндан тарта өлкө тышы каттамдарын кайрадан баштаган түрк аба жолдору 15 -  июль шаршемби күнү аткарган 568 каттам менен Европанын эң көп каттамды ишке ашырган экинчи аба жолу болгонун кабарлаган. Стамбул аэропорту болсо 421 каттамды ишке ашыруу менен Европанын эң кыймылдуу аэропортторунун арасында төртүнчү орунду алды.



Тектеш кабарлар