Түрк басма сөзү 13. 07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1454224
Түрк басма сөзү 13. 07.2020

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан Аясофия  билдирүүсү» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын : «Аясофиянын статусу тууралуу акыркы чечимди кабыл алуучу башкалар эмес түрк улуту. Бул биздин ички маселебиз. Башка өлкөлөргө  чыгарылган чечимге сый көрсөтүү гана түшөт»,- дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Чавушоглунун Ливия тууралуу так билдирүү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун «Financial Timesка» берген маегинде Ливия өкмөтүнүн өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу күчтөрдүн Сирте менен Жуфрадан чыгып жана 2015 -  жылда белгиленген линияга кайтса гана келишпестикти акырына чыгара турган ок атышпоону кабыл аларын белгиледи. Хафтерге караштуу күчтөр бул аймактардан чыкпаса Ливия өкмөтүнүн чабуул коюда чечкиндүү экенин билдирди.

«Ватан» гезити  «Түркия менен Булуң өлкөлөрүнүн ортосунда виртуалдык соода көпүрөсү курулат» деген маалыматында соода министрлигинин Дубай соода аташелигинин демилгеси менен Булуң өлкөлөрү жана Түркиянын ортосунда аймактык базарларды, е -  соода платформаларын максат кылган виртуалдык соода көпүрөсүнүн куруларын жазган.

«Сабах» гезити «Дүйнөдө үч өлкөнүн бири болдук» деген макаласында коргоо өнөр жай башкармалыгынын түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарындагы бардык М 60Т такнтарын модернизациялап М 60ТМ конфигурациясына жогорулатканын белгилеген. Коргонуу өнөр жай башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир : «Танктарыбызды активдүү коргоо системалары менен модернизациялап бул жөндүмдүүлүккө ээ болгон дүйнөдө үч өлкөнүн бири болдук»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын жергиликтүү курал жана курал  - жарак техникасы онлайн оюнда» деген кабарында дүйнөнүн эң көп ойнолгон FPS (First Person Shooter-Birinci Şahıs Nişancı) онлайн оюндарынын бирине Turkish Mod Team мүчөлөрү тарабынан чыгарылган программа менен Байрактар учкучсуз аба аппараттары жана куралдуу учкучуз аба аппараттары, «Анка», «Кобра», «Акреп», «Кирпи», «Атак» тик учарлары менен  куралдар кошулду. Ушунун саясында оюнчулар өзгөчө түрк куралдуу күчтөрү же атайын операциялар полициясы катары «Евфрат  калканы», «Зайтун бутагы», «Тынчтык булагы» жана Ливияда операция жүргүзүлгөн аймактарда оюн ойной алышарын жазган.  



Тектеш кабарлар