Түрк басма сөзү 10.07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезитерден кыскача маалыматтар.

1452491
Түрк басма сөзү 10.07.2020

                  

«Хабер түрк» гезити «Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Европа директорунан Түркияга мактоо» деген кабарында Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Европа аймактык директору Ханс Клюге Анкарага жасаган сапарында берген маалыматында Түркиянын  жаңы тип коронавирус тесттерине, дарылоого  бардык качкындарды да кошуу менен адамзаттык жагын көрсөткөнүн айтканын билдирген. Ханс Клюге түрк калкы муну менен эле калбастан 135тен ашуун өлкөгө медициналык каражат жибергенин да белгиледи.  

«Ватан» гезити «Экономикада калыбына келүүнүн белгилери» деген макаласында Түркия республикасынын Борбордук банкынын телеконференция аркылуу инвестор жыйынын өткөргөнүн жазган. Жыйында пандемия мезгилинде Түркия экономикасынын күчү жана күтүүлөрү каралды. Берилген маалыматтарда экономикада калыбына келүү белгилеринин бар экени билдирилди. Экспорттун күтүлгөндөн дагы күчтүү түрдө калыбына келе баштаганы баса белгиленген маалыматта Түркияда саламаттык сактоо системасынын башка өлкөлөргө караганда дагы күчтүү экени, Ковид  - 19 пандемиясынын экономикадагы тескери таасирлерин чектегени маалымдалды.

«Йени шафак» гезити «Түркия жашылдандырууда дүйнөдө үчүнчү орунда» деген кабарында World Bank Dataнын маалыматтарына караганда акыркы 30 жылдын ичинде жалпы дүйнөдөгү токойлордун саны төмөндөгөн болсо Түркиядагы токой катнашынын өскөнүн билдирген. Кээ бир өлкөлөрдө төмөндөгөн же ошол эле катнашта болгон токой катнашы Түркияда акыркы 25 жылда жогорулоого өттү. Түркиядагы  токойлор 1990 -  жылы өлкөнүн аянтына салыштырмалуу 12, 502 пайыз болгон болсо бул катнаш 2016 -  жылы 15, 355 пайызга чыкты.

«Стар» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасы : оор куралдуу буктурмалар дароо жоюлсун» деген маалыматында АКШнын Кипр Рум  башкаруусуна Эл аралык аскердик машыктыруу программасына кошконун билдиришинен кийин Рум бөлүгү Йешилырмак чек ара капкасына оор куралдын 2 көчмө позициясын жайгаштыра баштаганын жазган.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын вице  - премьер - министри жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай буктурмалардын дароо жоюлушу үчүн БУУга кат жиберди. Катта жасалгандардын коркутуучу кыймыл катары кабыл алынганы билдирилип, аймакта жашаган жарандардын өмүрүнүн да коркунуч астында экени баса белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Европанын эң кооз 15 шаарын тандашты. Түркиядан бир шаар кирди» деген кабарында

Борбору Нью – Йорк болгон саякат журналы Travel Leisure жыл сайын саякатчы жазуучулар жана адис ысымдардан турган жюри мүчөлөрү менен тандаган Дүйнөнүн мыкты сыйлыктарын билдиргенин жазган. Эң  көп көңүлдөрдү бурган категория  Европанын кооз 15 шаары болду. 88, 14 балл алган Стамбул тизмеде экинчи орунду алды.



Тектеш кабарлар