Түрк басма сөзү 26.06.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1443558
Түрк басма сөзү 26.06.2020

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган Корея согушунун 70 – жылында шейит жана ардагерлерди ыраазычылык менен эскерди» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Корея согушунун 70 жылдыгынан улам Түштүк Кореяда өткөрүлгөн аземге жиберген видео билдирүүсүндө : «Корея согушунун 70 жылдыгын эскерип жаткан бул тарыхый күндө шейиттерибизди, ардагерлерибизди ыраазычылык менен эскеребиз»,- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити  «Түркиядан АКШнын терроризм отчетуна каршылык» деген макаласында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксойдун АКШнын тышкы иштер министрлигинин 2019 -  жылдын терроризм отчетуна каршылык көрсөткөнүн жазган. Аксой : «Отчетто өлкөбүздүн ЙПГни ПККнын Сириядагы уландысы катары карагандыгы белгиленип, ЙПГнин ПКК менен бирдей террордук уюм экендигинин үстү жабылууга аракет кылынууда. Бул ЙПГнин террордук күбөлүгүн ачыкча  баса белгилөөдөн алыс туруу дегенди билдирет. Андан да АКШнын бир террордук уюм менен кызматташуусун тастыктоодо»,- деди.

«Сабах» гезити «Президенттиктин катчысы Калындан Ливия билдирүүсү» деген кабарында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Ливиядагы акыркы абал тууралуу маалымат бергенин белгилеген. Калын козголоңчу Хафтердин абдан олуттуу түрдө жоготууга учуратылганын айтып : «Франция колдогон Хафтер хаос менен коркунучтуу оюн ойноп жатат»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Варанк : бир канча айдын ичинде сүйүнчү кабарды беребиз» деген макаласында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жаңы тип коронавирус менен күрөшүү тууралуу вакцина чыгаруу тармагында жаныбарларда сыноонун ылдам түрдө улантылып жатканын белгилеп : «Алдыдагы бир канча айдын ичинде сүйнчү кабарды беребиз»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия менен Украинанын ортосундагы каттамдар  1 -  июлдан тарта башталат» деген билдирүүсүндө Украинанын президенти В. Зеленскийдин Түркия менен Украинанын ортосундагы кээ бир учак каттамдарынын 1 -  июлдан тарта кайрадан башталарын белгилеп : «Мунун туризм секторун ылдамдатары тууралуу Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоганга кошулам»,- дегенин жазган.



Тектеш кабарлар