Түрк басма сөзү  23.06.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1441363
Түрк басма сөзү  23.06.2020

«Стар» гезити «Түркия сунуш кылган долбоор кабыл алынды» деген кабарында Түркия, Катар, Британия, Германия, Франция, Италия, Иордания, Кувейт, Марокко жана Нидерландия сунуш кылган Сириядагы адам укуктарына байланыштуу долбоорду БУУнун Адам Укуктары Кеңешинде кабыл алынганын жазган. Долбоор 2 кабыл болбогон, 18 арсар жана 27 кабыл добуш менен Кеңеште кабыл алынды.

«Хабер түрк» гезити «Министр Албайрак: түрк экономикасы күткөнүбүздөн дагы жогору болуп өсөт» деген макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрактын : «Керектөөчү ишеним индексинин июнь айында 5, 2 пайыздык өсүү менен калыбына келүү процессинде дүйнө экономикаларына салыштырганда  экономикабыз дагы ылдам өзүнө келүүдө. Июнь айында керектөөчү ишеним индексинде болгон өсүү калыбына келүүнүн  позитив багытта экенин көрсөтүүдө»,- дегенин белгилеген.

«Хүриййет» гезити «Эң чоң коргонуу экспортуна кол коюлду» деген кабарында Түркиянын эң чоң коргонуу экспорту болгон Пакистан МИЛГЕМ (Улуттук кеме) долбооруна карата орчундуу бир кызматташуу келишимине кол коюлганын билдирген. Пакистан деңиз күчтөрү үчүн чыгарыла турган МИЛГЕМ корветтери  Түркиянын өнөр жайы жана инженердик жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчү  болуу жактан мааниге ээ болууда.

«Сабах» гезити «Дүйнө суктанган. Азербайжан Түркиядан Куралдуу учкучсуз аба аппаратын сатып алат» деген макаласында Түркиянын дүйнөдө коргонуу өнөр жайы тармагында алдыңкы орундарды ээлеген өлкөлөрдүн катарына киргенин жазган. Керек болсо ПКК жикчил террордук уюмга каршы, керек болсо Сирия жана Ливиядагы операцияларда жогорку жөндөмдүүлүктү көрсөткөн куралдуу учкучсуз аба аппараттарына карата талап күн өткөн сайын артууда. Азербайжан Түркиядан куралдуу учкучсуз абаа аппаратын аларын жарыялады.

«Йени шафак» гезити «Ювентус» 18 жаштагы түрк жылдыздын артында»  деген кабарында  футболдо баарын өзүнө суктандырган түрк футболчу Мерих Демиралдын ойногонун жактырган Италиянын дүйнөгө белгилүү футболдук командасы «Ювентустун» эми Германиянын Вердер Бремен командасында ойногон жаш футболчу Эрен Динкчинин артынан түшкөнүн маалымдаган. «Ювентус» көптөн бери 18 жаштагы футболчуну көзөмөлдөп келе жатат. Жаш чабуулчу ушул кезге чейин U19 лигасында чыккан 20 беттеште 22 голь киргизди. Динкчинин ойногонун

жактырган «Ювентус» футболчуну алуу сунушун киргизди.  



Тектеш кабарлар