Түрк басма сөзү 12.06.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1434433
Түрк басма сөзү 12.06.2020

«Сабах» гезити «7 эксперименталдык облуста «антитело тести» башталды» деген кабарында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын жалпы Түркияда 153 миң кожолукта жасаларын жарыялаган антитело тестинин 7 облуста башталганын билдирген. Саламаттык сактоо топтору борбор шаар Анкарада Түркия Статистика Мекемеси ТҮИКтин кызматташуусунда белгиленген кожолуктарга барып тест үчүн үлгүлүрдү алышууда.

«Йени шафак» гезити «Министр Албайрактан ТАНАП кабары : кайрадан сыймыктандык» деген макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрактын соцтармактан «Түркияны энергетиканын борбору кылуу үчүн болгон күчүбүз менен иштедик. Бул тармакта ташталган эң чоң стратегиялык кадамдардын бири болгон ТАНАП менен Түркияга алып келе турган жалпы газдын 6 миллиард метр кубга жетерин билдик, кайрадан сыймыктандык»,- деди.

«Хүррйет» гезити «Түркия чоң жыйырмаларда биринчи чейректе өскөн эки өлкөнүн бири болду» деген кабарында Экономикалык кызматташуу жана Өнүгүү Уюму Ковид  - 19 эпидемиясына карабастан бул жылдын биринчи чейрегинде чоң жыйырмаларга кирген өлкөлөрдүн ичинде бир гана Түркия жана Индиянын улуттук кирешесинин өскөнүн жарыялагынын жазган.

ОЕСДнин отчетуна караганда Түркия биринчи чейректе жылдык базада 4, 4 пайыз менен чоң жыйырмаларга кирген өлкөлөрдүн ичинде эң көп экономикалык өсүүгө жетишкен өлкө катары каттоого өттү.

«Ватан» гезити «15 -  июнда 9 өлкөдө 15 жерге эл аралык каттам башталат» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун эпидемиядан улам жалпы дүйнөдө көрүлгөн коргоочу чаралардын калыбына келүү процессинин негизинде жумшартылышы менен бирге кечээтен баштап  Нидерландия, Германия жана Британияга, 15 -  июнда болсо 9 өлкөгө эл аралык каттамдарын баштай турганын айтканын белгилеген.

«Хабер түрк» гезити « «Юнус Эмре», «Руми» жана «Ибин Сина»  АКШ жолунда бет кап чыгарат» деген кабар жарыялаган. Коронавирус эпидемиясынан улам бүткүл дүйнөдө бет капка болгон талаптын өсүшү менен июль айында Стамбулдан АКШга бара турган «Юнус Эмре», «Руми» жана «Ибин Сина» аттуу 3 кемеде   жолдо баратып  бет кап чыгарарын жазган. Ал бет каптар барылган өлкөлөргө экспорттолот.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар