Түрк басма сөзү 11.06.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1433685
Түрк басма сөзү 11.06.2020

«Сабах» гезити «Израилдин  басып алуу кыймылына Түркия катуу каршылык көрсөттү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Израилдин Палестина жерлерин аннекция планына каршылык көсөткөнүн жазган. Чавушоглу басып алуунун Жакынкы Чыгышта туруктуу бир тынчтык үчүн бардык үмүттү жок кылары боюнча эскертип : «Израиль кызыл сызыктан өтө турган болсо ислам өлкөлөрү катары мунун жыйынтыктары болорун көрсөтүүбүз керек»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия Ливияда мыйзамдуу өкмөттүн жанында» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн БУУ тарабынан таанылганын жана Ливиянын өкүлү экенин белгилегенин жазган.

Түркиянын Ливияда мыйзамдуу өкмөттүн жанында экенин белгилеген Акар : «Биздин ливиялык бир туугандарыбыз менен 500 жылга жакын тарыхыбыз бар. Ал жердеги бир туугандарыбыздын маселелерине көңүл бурбай коюу мүмкүн эмес эле»,- деди.

«Стар» гезити «Германиядан тарыхый моюнга алуу: Түркия болбостон Ливияда ок атышпоо болбойт» деген кабарында Германиядагы Гиссен университетинин профессору Андреас Диттман Ливияда Түркия болбостон ок атышпоонун болбой турганын белгилегенин кабарлаган. Диттман Түркия колдогон Улуттук ынтымактык өкмөтү күчтөрүнүн козголоңчу Хафтерди жеңилүүгө учуратканын белгиледи. Диттман Египеттин ок атышпоого чакыруусунун тарапсыз болбошунан улам кабыл алынбай турганын айтты.

«Йени шафак» гезити «Саякат чектөөсүнөн кийинки биринчи каттам : туристтер келишти» деген макаласында жаңы тип коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде узун убакыттан бери өлкө тышы саякаттарга тыюу салуу кечээтен баштап жоюлганын билдирген. Туризм шаары Анталияга биринчи өлкө тышы учак каттамы Германиядан болду. Менчик аба жолу тарабынан аткарылган 6 каттамдын биринчиси Мюнхенден, экинчиси Дүссельдорфтон жасалды. Медициналык текшерүүдөн  өткөрүлгөн жүргүнчүлөр 14 күн карантинде болушат.

«Ватан» гезити «Финансы борбору болуу Стамбулга абдан жарашат» деген жазуусунда казына жана финансы министри Берат Албайрактын Түркиянын капитал базарларын чоңойтуу, инвестиция каражаттарында инстурмент түрдүүлүгүн арттыруу үчүн иштерин улантканын белгилегенин жазган. Инвестиция фонддорунун жалпы чоңдугунун 150 миллиард лираны ашып бардык учурлардын эң жогорку деңгээлине жетиши керектигин айткан Албайрак : «Финансы борбору болуу Стамбулга абдан жарашат»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар