Түрк басма сөзү 29.05.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1425522
Түрк басма сөзү 29.05.2020

«Хүррийет» гезити «Түркия ылдам түрдө калыбына келүүдө» деген кабарында жаңы тип коронавирус менен күрөшүүдө сынактан ийгиликтүү өткөн Түркияда 1 -  июндан тарта шаарлар аралык саякат чектөөсүнүн толугу менен жоюларын жазган. Коомдук кызматкерлер ишин баштайт. Бала бакчалар ачылат. Жол багытындагы эс алуу жерлери иштеп, спорттук комплекстер түнкү саат 24кө чейин тейлейт. Пляждар, улуттук парктар менен бакчалар белгиленген эрежелердин негизинде иш алып барат.

«Хабер түрк» гезити «Яхта туризми жаңыдан башталат» деген макаласында Ковид  - 19 эпидемиясынан улам чектөө киргизилген яхта каттамдары июнь айында кайрадан ишин баштай турганын белгилеген. Эпидемия менен күрөшүүдө келинген баскычка көңүл бурган транспорт жана инфраструктура министри  Адил Караисмаилоглу  : «Ковид  - 19 пандемиясы менен күрөшүүдө олуттуу баскычты басып өткөн Түркияда бир топ тармакта болгондой эле яхта жана жыгач кемелер 1 -  июнда кайрадан ишин баштайт»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркияда футболдук лигалар 12 -  июнда башталат» деген маалыматында Ковид  - 19  эпидемиясынан улам 26 -  жума оюндарынан кийин арага кирген Супер лиганын башталарын жазган. Түркия футбол федерациясы кечээ өткөргөн жыйында сезонду 12 -  июнда калган жеринен улантуу чечимин чыгарды. Супер лига 12 -  июнда 27 -  жумадагы беттештери менен башталат.

«Йени шафак» гезити "Мэттью Брайза: Трамп Эрдогандан үлгү  алышы керек" деген кабарында АКШнын мурунку Европа – Евразия карым  - катнаштарынан жооптуу тышкы иштер министринин орун басары Мэттью Брайза Түркиянын коронавирус менен ийгилктүү күрөшкөнүн белгилегенин жазган. Брайза АКШнын президенти Дональд Трамптын президент Р. Т. Эрдогандан үлгү алышы керектигин айтты.  Түркиянын эпидемия менен күрөшүп жатып  экономикасын да  коргогонуна көңүлдөрдү бурган Брайза АКШ жана көп сандаган Европа өлкөсүнүн мындай ийгиликсиз болгонун белгиледи.

«Стар» гезити «Түрк куралдуу учкучсуз аба унаалары электрондук согушка каршы абдан күчтүү» деген макаласында акыркы мезгилдерде атынан сөз кылдырган түрк куралдуу учкучсуз аба унаалары электрондук согушка каршы турушу менен атынан сөз кылдырганына көңүлдөрдү бурган. Ички коопсуздук операциялары менен бирге Сирия, Ирактын түндүгү, Жер Ортолук деңиз, Эгей деңизи жана Ливия сыяктуу кенен бир аймакта өзүн көрсөткөн түрк куралдуу учкучсуз аба унаалары электрондук согуш тууралуу мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрү менен аянтта оюн өзгөртүүчү элемент катары алдыга чыгууда.



Тектеш кабарлар