Түрк басма сөзү 28.05.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1424962
Түрк басма сөзү 28.05.2020

«Ватан» гезити «Эрдоган жарыялады, 29 -  майда башталат» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Демократия жана Эркиндиктер Аралынын ачылуу аземинде «Фатих» бургулоочу кемесинин 29 -  майда Стамбул босфорунан өтүп жаңы бургулоо үчүн Кара деңизге барарын жарыялаганын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Министр Варанк : миңден ашуун дем алдыруу аппарат экспорттодук» деген макаласында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын кечээ Кайсери өнөр жай кабинетинин кеңешүү жыйынына видеоконференция аркылуу катышканын жазган. Варанк бул жерде берген маалыматында Түркиянын миңден ашуун дем алдыруу аппарат экспорттошкондорун айтканын жазган.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропортунан жаңы ийгилик» деген маалыматында Стамбул аэропорту ийгиликтерине жаңы бир ийгилик кошуп “LEED Aлтын” сертификатына жетишкенин белгилеген.

«Стар» гезити  «Грек яхта агенттиктери Түркия менен деңиз жолунун ачылышын каалап жатат» деген кабарында Түркиянын жээктерине жакын грек аралдарында иш алып барган яхта агенттик операторлору жаңы тип коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде Түркия менен жабык болгон деңиз жолдорунун кайрадан ачылышын каалап жатканын жазган.

«Йени шафак» гезити  «Туристтер Түркиядан баш тартышпайт: резервацияларын жоюнун ордуна алмаштырышты» деген кабарында бүткүл дүйнөнү таасири астына алган коронавирус эпидемиясында Түркияда көрүлгөн чаралардын саясында өлүм катнашы жана бейтап саны күн сайын азайып бара жатканын белгилеген. Жыл  сайын миллиондогон туристти тосуп алган эс алуу аймактарында болсо «ишкана ээлери» «жаңы калыбына келүү» эрежелерине карата тартип түзүшүүдө. Жетекчилер эпидемия процессинде эрте резервациялардын чоң бир бөлүгүнүн жоюлбастан кийинки күндөргө жылдырылышынын туристтердин Түркиядан баш тартпаганын көрсөткөнүн белгилөөдө.



Тектеш кабарлар