Түрк басма сөзү 27.05.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача.

1424070
Түрк басма сөзү  27.05.2020

«Сабах» гезити «Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын: «Хафтерди колдогондор жаылыш тарапта» деген макаласында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Ливиядагы акыркы абалдар тууралуу кечээ France 24 каналына маалымат бергенин жазган. Калын : «Франция менен Хафтерди азыр да колдоп жаткандардын Ливиядагы кагылышуунун жаңылыш тарабында экенине ишенебиз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Вице  - президент Фуат Октай : Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында болууну улантат» деген кабарында вице  - президент Фуат Октайдан кечээ Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда Экономикалык жана финансылык кызматташуу келишимине кол коюу аземине видеоконференция аркылуу катыштышканын жазган. Жаңы тип коронавирус эпидемиясынын таасиринен  калыбына келүү үчүн даярданып жатып Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында болууну улантарын баса белгилеген Октай : «Түндүк Кипр Түрк Республикасын улантууга боло турган экономикага жеткирүү үчүн керек болгон кадамдарды олуттуулук менен жана убакытты өткөрбөстөн бирдикте таштоодо чечкиндүүбүз»,- деди.

«Стар» гезити «Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа : айыккан бейтап санында маанилүү өсүү бар» деген жазуусунда саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын кечээ твиттерден  маалымат бергенин билдирген. Кожа маалыматында Түркиянын Ковид  - 19 менен күрөшү тууралу : «Айыккан бейтап санында маанилүү өсүү бар. Реанимация жана интубация бейтап санында азаюу улантылууда. Жетишилген ийгилик 83 миллион кишинин көрсөткөн шайкештигинин жыйынтыгы. Жаңы турмуш стилибиз : текшерүү астында социалдык турмуш, бирдикте чара көрүү»,- деди.

«Йени шафак» гезити : «Түркиядан бир өлкөгө дагы жардам» деген кабарында Түркия Ковид  - 19 менен күрөшкөн Чадга аскердик жүк ташуучу учак «Кожа Юсуф» менен медициналык каражаттар менен тез жардам жиберди. Жардам кутулуранын үстүнө  13 -  кылымдын суфийлеринен Мевлана Желаледдин Руминин «Үмүтсүздүктүн артында канчалаган үмүт бар, караңгылыктын артында канчалаган жарык бар»,- деген сөзү түрк жана англис тилинде жазылды.

«Хабер түрк» гезити «Фатих бургулоо кемеси Кара деңиз үчүн даяр» деген макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез бургулоо кемесинин Кара деңизге баруу үчүн акыркы даярдыктарынын аяктаганын билдиргенин маалымдаган. Дөнмез кечээ твиттерден маалымат берип кеменин Стамбул босфорунан өтүү үчүн даяр экенин билдирип : «Фатих 29 -  майда Стамбул алынган күнү Кара деңиз сапары үчүн аракетке өтөт»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар