Түрк басма сөзү 21.05.2020

Бүгүн басылып чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1421045
Түрк басма сөзү 21.05.2020

«Сабах» гезити «Чавушоглу орус кесиптеши Лавров менен сүйлөштү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телеконференция аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Дипломатиялык булактардагы маалыматтарга караганда сүйлөшүүдө жаңы тип коронавирус эпидемиясы, туризм жана аймактык маселелер каралды.

«Хүррийет» гезити «Министр Акар билдирди : 1411 террорист жок кылынды» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сирия менен Ирактын түндүгүндө террор менен күрөшүүнүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын айтып, 1 -  январдан бери 1411 террористтин жок кылынганын билдиргенин жарыялаган.

«Хабер түрк» гезити «Президенттиктин катчысы Калын Израилдин аннексия планына каршылык көрсөттү» деген жазуусунда президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Израилдин аннексия жана басып алуу планына каршылык көрсөтүп: «Израилдин Батыш Шерианы аннексия планын четке кагабыз жана дүйнөнү каршы турууга чакырабыз. Түркия Палестина жерлеринин басып алынышы жана аннексия кылуу саясатына каршы таштала турган бардык кадамдарды колдойт»,- деди.

«Стар» гезити «Министр Фахреттин Кожадан билдирүү» деген мааылматында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа коронавируска карата көрүлгөн чаралардын коом тарабынан кабыл алынганын айтканын белгилеген. Министр Кожа кечээ болгон Илимий Кеңештин жыйынынан кийин өткөргөн пресс  - жыйынында коронавируска каршы күрөштүн  жакынкы мезгилдеги эң чоң мобилизация болорун белгилеп : «Вирус жугузган киши саны 1000дин астына т

үшкөндө ийгиликтин белгиси болот»,- деди.  

«Ватан» гезити «Май айынын каржоочу ишеним индекси билдирилди» деген кабарында Түркия Статистика Мекемеси ТҮИКтин май айына байланыштуу каржоочу ишеним индексин билдирди. Каржоочу ишеним индекси май айында андан мурунку айга караганда 8, 5 пайыздык катнашта өстү ; апрель айында 54, 9 пайыз болгон индекс май айында 59, 5 пайыз болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар