Түрк басма сөзү  12.05.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1415461
Түрк басма сөзү  12.05.2020

 

«Сабах» гезити «Түркия ылдам калыбына келе баштады» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Түркияда жаңы тип коронавирустан болгон өлүм жана бейтап санынын барган сайын азайганын айтканын жазган. Реанимацияда  болгон жана дем алдыруу аппатарына туташтырылган бейтап санынын да барган сайын азайганын, айыккан бейтап саны, жалпы тест санынын барган сайын көбөйгөнүн баса белгилеген Эрдоган бул маалыматтардын кээ бир чектөөлөрдү азайтуу менен турмушту калыбына келтирүүгө карата кадамдарды таштоо мүмүкнчүлүгүн бергенин айтты.

«Хабер түрк» гезити ТҮБИТАКтан дары жана вакцина сүйүнчүсү» деген кабарында Түркия илимий жана технологиялык изилдөөлөр мекемеси ТҮБИТАКтын төрагасы, профессор доктор Хасан Мандалдын коронавирусту дарылоодо дары жана вакцина тууралуу 17 долбоордун жүргүзүлгөндүгүн айтканын жазган. Мандал : «Дары тууралуу буйруса жай айларында маанилүү баскычка тактап айтканда дары сунуштоо баскычына өтөбүз. Балким  дагы эрте ишке ашырышыбыз  мүмкүн. Июнь айында коомчулук менен маанилүү сүйүнчүнү бөлүшөбүз»,- деди.

«Стар» гезити «Коронвирус дүйнөнү Түркиянын пайдасына өзгөртө алат» деген макаласында Катардагы   Аль Жазира телекөрсөтүүснүн мурунку башкы директору жана Еш  -  Шарк форумунун төрагасы Ваддах Ханфер жаңы тип коронавирустун дүйнөдө күч тең салмактуулугун өзгөртөрүн, Түркиянын да аймактык жактан мындан пайдаланарын белгилегенин билдирген. Ханфер Түркиянын аскердик жактан күчтөнгөнүн, жогорку технологияга жетишкенин жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүргөнүн айтты.

«Ватан» гезити «Дезинфектан экспорту 10 эсе өстү» деген кабарында 2019 -  жылдын январь  -  апрель айларында 8, 6 миллион доллар болгон дезинфектан экспорт саны бул жылдын ошол эле мезгилинде 90 миллион далларга жеткенин маалымдаган. Бул мезгилде эң көп дезинфектан Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Ирак менен Иранга экспорттолду.

«Хүррийет» гезити “The Economist жазды : Түркия тең салмактуулукту өзгөрттү» деген жазуусунда борбору Британия болгон Economist гезитинде орун алган кабарда БУУнун негизиндеги Ливиядагы мыйзамдуу өкмөт болгон Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн Триполинин батышында жана түштүк батышында баштаган операцияларда Түркиянын да жардамы менен ийгиликтүү болгону белгиленди. Бул операциялардын негизинде козголоңчу Халифе Хафтердин күч жоготкону билдирилди. Кабарда өзгөчө «Түрк учкучтуу жана учкучсуз унаа аппараттары аймактагы тең салмактуулукту өзгөрттү»,- деп маалымдалды.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар