Түрк басма сөзү 06.05.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1411642
Түрк басма сөзү 06.05.2020

 

«Хабер түрк» гезити «Түркияда турмуш ылдам калыбына келүүдө» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын жаңы тип коронавирус  эпидемиясынын өнүккөн деп аталган өлкөлөрдүн саламаттык сактоо, экономикалык жана социалдык түзүлүшүнүн күчтүү эмес экенин  көрсөткөндүгүн айтканын жазган. Түркиянын болсо бардык тараптан өнүккөн өлкөлөрдөн дагы күчтүү экенин айткан Эрдоган : «Эпидемия процессинде жетишкендерибизди дагы чоң ийгиликтерге айландырабыз»,- деди.

«Хүррийиет» гезити «Дүйнө басма сөзү Түркияны үлгү кылып көрсөттү» деген кабарында Ковид  - 19 эпидемиясына карата чара көрүүдө бир тотп Европа өлкөсү  ийгиликсиз болгон болсо Түркиянын дүйнөлүк басма сөз тарабынан үлгү кылып көрсөтүлгөндүгүн жазган. Француз маалымат агенттиги Agence France Presse (AFP) менен Американын медиа мекемеси CNN Стамбулга келип Түркиянын эпидемия менен күрөшүүсүндөгү ийгилигин ордунда иликтеди. Чет элдик медиа , өзгөчө Түркиядагы оорунун булагын табуу иштерине таң калды.

«Стар» гезити «Түркия мыкты үлгү» деген маалыматында Түндүк Македониянын мурунку саламаттык сактоо министри профессор Драган Даниловиский Түркиянын Ковид  - 19 эпидемиясын ийгиликтүү башкаргандыгын жана мыкты үлгү болгондугун айтканын билдирген. Даниловский калкы көп өлкөлөр категориясында орун алган Түркиянын эпидемиянын башынан тарта таасирдүү саясаттарды жүргүзгөндүгүн айтты.

«Ватан» гезити «Түркия глобалдык фирмалардын жаңы өндүрүш борбору болушу мүмкүн» деген кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк 11 -  майдан тарта Түркияда бардык автомобиль заводдорунун кайрадан ишин баштай тургандыгын жарыялаганын жазган. Кытайдагы өндүрүштө болуп жаткан кемчиликтердин глобалдык фирмаларды, өндүрүш борборлорду түрдөнтүүгө түрктөнүнө көңүлдөрдү бурган Варанк Түркиянын оңой эле бул борборлордун бирөөсү боло аларын айтты. Варанк өнөр жай тармагына бардык колдоону көрсөтүшөрүн белгиледи.

«Сабах» гезити «Сабиха Гөкчен аэропорту жүк ташууларга ачылды» деген маалыматында коронавируска каршы чаралардын негизинде убактылуу каттамдар токтотулган Стамбул Сабиха Гөкчен аэропортундагы аянтта кароо жана оңдоо иштери башталганын белгилеген. Кароо жана оңдоо иштеринин аякташы менен жүк ташуу каттамдары ачылды.



Тектеш кабарлар