Түрк басма сөзү  05.05.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1410877
Түрк басма сөзү  05.05.2020

«Хүррйет» гезити «Түркияда турмуш калыбына келе баштады» деген кабарында жаңы тип корнавирус Ковид  - 19 менен күрөшүүдө ийгиликтүү процесс өткөргөн Түркияда турмуш калыбына келе баштаганын жазган. Планга караганда 10 -  май дүйшөмбү күндөн тарта 65 жаштан жогору жаштагы кишилер үчүн чектелген күндөрдүн биринде 4 саат тышка чыгуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө. 20 жашка чейинкилер үчүн да бул эки топто ишке ашырылат. Өзгөчө чач тарач, сулуулук салону сыяктуу  ишканалар 11 -  майда иштеп баштайт. Соода борборлору 11 – майдан тарта тейлөөгө өтөт.

«Стар» гезити «Француз Мурат Газли дүйнөгө Түркиядан сөз кылууда» деген макаласында  Анталияда коронавирус менен күрөшүү тууралуу бир марткетте тартып алган көрүнүштөрдү бүткүл дүйнөгө жарыялаган Франция жараны Мурад Газли  бул жолу да күбөлүгү менен каалаган маркеттен 5 даана бет кап алышынын видеосун бөлүштү. Газли президент Р. Т. Эрдогандын элди ойлогондугун белгилеп, бул видео да кыска убакыттын ичинде миңдеген киши тарабынан көрүлдү.

«Хабер түрк» гезити : «Пандемиядан кийин Түркия өзүнө тартуу борбору болот» деген кабарында Көзкарандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясы MÜSİADдын төрагасы Абдуррахман Каан бүткүл дүйнөнү таасири астына алган  Ковид  - 19 эпидемиясында Түркиянын берген сынагы менен канчалык күчтүү өлкө экенин бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүн айтканын жазган. Каан тармактардагы бардык инфраструктуралардын даяр экендигин, эпидемиядан кийин Түркянын өзүнө тартуучу борбор болорун айтты.

«Ватан» гезити  «Грециянын тик учарыбыз кол салууга учурады деген ырастоосуна Түркиядан жооп» деген макаласында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой грек улуттук коргоо министри ичинде болгон тик учардын түрк аскердик учактары тарабынан кол салууга учурагандыгынын айтылышы чындыкты чагылдырбагандыгын белгиледи. Түрк аскердик учактарынын Эгей деңизинде күнүмдүк ишин аткаргандыгын айткан Аксой : «Күнүмдүк учууларды трагедияга айландырып чыңалууну күчөтүү Грецияга пайда алып келбейт»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү видеоконференция программасы : Диалог»  деген кабарында  алыстан иштөө шарттарында жогорку коопсуздукту түзгөн видеоконференция программасы Диалогдун бул айдын ичинде колдонууга берилерин жазган. Колдонулушу үчүн эч бир кошумча жабдык болбостон да жогорку сапаттуу сүйлөшүү өткөрүлө алат. Колдонмодо убакыт жана колдонуучу чектөөсү жок. Негизги мекемелер менен кишилер да колдоно алышат. Продукциянын дос жана союздаш өлкөлөргө экспорт потенциалы да жогору.



Тектеш кабарлар