Түрк басма сөзү 29.04.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1407338
Түрк басма сөзү  29.04.2020

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Дүйнөдөгү өзгөрүү Түркияга жаңы мүмүкнчүлүктөрдү  сунуштоодо» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын жаңы тип коронавирус менен күрөшүүдөн кутулуу үчүн чара көрүүнү улантуунун  маанилүү экендигин белгилегенин жазган. Дүйнөдөгү өзгөрүүнүн Түркиянын алдында жаңы жана чоң мүмкүнчүлүк терезелерин ачып жаткандыгын баса белгилеген Эрдоган бул мезгилде көрүлгөн чараларга баш ийген жарандарга ыракмат айтты. Эрдоган эпидемияга карата көрүлгөн чаралар баскыч түрүндө жоюлганда Түркияда өндүрүштүн кайрадан толук ылдамдай баштай тургандыгын айтты.

«Сабах» гезити  «Түркияда ачылды. Дүйнөдө бир алгачкы болуу өзгөчөлүгүнө ээ» деген кабарында Стамбул медицина факультетинде Ковид  - 19 инфекциясын оор түрдө өткөргөн жана өткөргөндөн кийин көзөмөлгө алына турган бейтаптарды 1 – 3 – 6 – 9  жана 12  - айларда көзөмөлгө алуу менен пайда болушу мүмкүн болгон бир топ маселелерди аныктайт. Борбор ушундайча бейтаптарды бир жыл көзөмөлгө алган болот.

«Хүррийет» гезити «Россядагы өпкө оорулуу студент тез жардам учак менен Түркияга алып келинди» деген маалыматында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Россияда операция боло албаган өпкө оорулуу бейтап Халук Хасан Сейитханоглунун тез жардам учак менен Түркияга алып келингендигин жарыялаганын жазган. Твиттер эсебинен маалымат берген министр Кожа : «Россияда операция боло албаган бир тууганыбыз президентибиздин жолдомосу менен дарыланууда. Өзүнө бекем ден соолук каалаймын»,- деди.

«Йени шафак» гезити чет элдиктер көрбөстөн туруп эле Түркиядан турак жай алып жатышат» деген кабарында глобалдык эпидемиядан улам Түркияда март айынан баштап чет элдиктерге онлайн турак жай сатуунун башталгандыгын белгилеген. Түркияга саякатка келе албаган чет элдиктердин кызыгуусу Facetime, Zoom, Skype жана Whatsapp сыяктуу онлайн платформаларга өттү. Жаңылануу көз карашы, технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана Түркияда саламаттык сактоодо жетишкен ылдамдык, эл аралык тармакта талаптардын пайда болушуна себеп болду. Март айында чет элдиктерге онлайн турак  жай сатуу турлары 100 миллион лирадан ашты.

«Стар» гезити «Түркиядан эл аралык жүк ташууга карата жаңы чечимдер» деген макаласында транспорт жана инфраструктура министрлиги Түркиянын эл аралык жүк ташууга карата жаңы чечимдерин жарыялаганын жазган. Ушуга караганда Россия менен Казакстан жана башка Орто АзияданТүркияга жүк алып келген шоферлорго киргизилген 14 күндүк карантин мөөнөтү шоферлордун унаадан түшпөшү жана белгиленген эрежелерге баш ийип 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүлөрү керек. Унаалар өлкөгө киргенден кийин Унаа иликтөө системасы менен иликтөөгө алынат.

 

 

 

 

 

                        



Тектеш кабарлар