Түрк басма сөзү 24.04.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1404385
Түрк басма сөзү 24.04.2020

«Хүррийет» гезити «Президент  Эрдоган : калыбына келүүнүн кандай болору тууралуу сөз кылды» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде мурунку күнү видеоконференция жолу аркылуу өткөрүлгөн Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын борбордук иш алып баруу кеңешинин жыйынында вирус менен күрөштө коменданттык саатка баш ийилгендигин белгилеп, баарынын көрүлгөн чараларга баш ийүүнү уланткан сайын Рамазан майрамынан кийин (24 – 26 – май) калыбына келүүнүн болорун айтты. Эрдоган  «Биринчиден  айыл  - чарба, текстиль, өнөр жай жана бул үч тармактан киийн туризмде баскыч түрүндө калыбына келтирүүнүн пландалгандыгын белгиледи.

«Стар» гезити «Парламенттин спикери Шентоп : Түркия азыр дагы да күчтүү» деген кабарында Түркия Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңеши парламенттин ачылышынын 100 – жылында атайын күн тартиби менен чогулгандыгын жазган. Парламенттин спикери Шентоп сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын келген жерине токтолуп : «Жүз жыл мурда жана толугу менен кыйраган учурда чечкиндүүлүк менен бутуна турган Түркия бүгүн дагы күчтүү, кубанычтуу. Түркия бүгүн глобалдык  эпидемиянын алдында чаарасыз калган мамлекеттерге медициналык жардам берүүдө»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын саламаттык сактоо системасы дүйнөнүн күн тартибинде» деген макаласында Американын басма сөз мекемеси CNN International  Түркияга кабарчы жиберип киши көп болгон  реанимациялардын биринде Стамбул Жеррахпаша медициналык факультетинин ооруканасынын тез жардамында Түркиянын Ковид  - 19 менен кандай күрөшүүнү болуп жаткандыгын, дарылоо методдорунан кабардар болгондугун жазган. CNN АКШ жана Европадан айырмаланып Түркияда эч бир орундук маселесинин жок экендигин экрандарга чыгарды. Муну өткөн жумада Британиянын БиБиСи каналы да аткарган.

«Ватан» гезити «Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДСУ Түркия тууралуу жакшы ойдо» деген жазуусунда  ДСУ Түркияда эрте баскычтарда көрүлгөн чаралардын негизинде вирус жугузгандардын саны азая баштагандыгын билдиргенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Чыгыш Жер Ортолук деңизинде  чоң машыгуу» деген кабарында деңиз күчтөрү командирлигинин машыгууга даярдыктары 15 – 17 – апрель күндөрү Эгей деңизи жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде  ишке ашырылгандыгын билдирген. Машыгууларга 33 аскердик кеме, деңиз пунктунун учактары, тик учарлар, учкучсуз унаа аппараттары, деңиз жөө аскер бөлүктөрү катышты. Түркия машыгуу менен Чыгыш Жер Ортолук деңизинде экендигин дагы бир жолу көрсөттү.



Тектеш кабарлар