Түрк басма сөзү 22.04.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1403284
Түрк басма сөзү 22.04.2020

                               

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан коронавирус билдирүүсү» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын коронавирус менен күрөштө эпидемиянын горизанталдуу жылышка өтүүдө ийгиликке жетишилгендигин белгилеп, Рамазан майрамынан кийин Түркияда турмуштун калыбына келишин максат кылышкандарын айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити «Челик : «Майрамдан кийин нормалдашууну сүйлөшө алабыз» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик коронавируска карата көрүлгөн чаралар тууралуу рамазан майрамынан кийин нормалдашуунун болушу мүмкүн экендигин белгилегенин жазган. Челик : «Көрүлгөн чараларга баш ийүүнү улантышыбыз керек. Ошондо гана майрамдан кийин  нормалдашууга өтүү боюнча сүйлөшө алабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түрк коргоо өнөр жай фирмасына Британиядан престиждүү сыйлык» деген макаласында дүйнөнүн алдыңкы аскердик кургактык системаларын өндүрүүчү фирмаларынан болгон FNSS коргоо системалары акционердик коому British Safety Council тарабынан бул жылы 62 – өткөрүлгөн жана эмгекти коргоо тармагынын биринчи жана эң престиждүү сыйлыктарынын бирөөсү болгон Эл аралык иш коопсуздугу сыйлыгына ылайык көрүлдү.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын алтын резерви жогорулады» деген кабарында Түркиянын алтын резерви март айында өскөнүн билдирген. Эл аралык валюта фондунун маалыматтарына караганда мурунку бир ай 18, 47 онс болгон резервдер март айынын акырында 19, 33 миллион онско көтөрүлдү.

«Сабах» гезити «Россияга мандарин экспорту» деген маалыматында Түркиядан жылдын биринчи чейрегинде Россия федерациясына 81  776 тонна мандарин экспорттолуп 49 834 922 доллар киреше алынды.



Тектеш кабарлар