Түрк басма сөзү 17.04.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1399930
Түрк басма сөзү 17.04.2020

«Йени шафак» гезити «Вирустун Түркияда өсүшү ылдам басаңдады» деген макаласында саламаттык сактоо министрлиги Коронавирус Илимий Кеңешинин мүчөсү, профессор доктор Левент Яманелдин бүткүл дүйнөдө вирус ылдам жайылып баратса Түркияда бул ылдамдыктын акырындаганын айтканын жазган. Жандандыруу бөлүмүнө кирген бейтаптардын азайгандыгын айткан Яманел : «Мунун эки себеби бар; биринчиси дарыларды эрте баштап  жана бейтаптарды ылдам аныктап жатабыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Туберкулез вакцинасы күтүлгөн коронавирус вакцинасы болушу мүмкүн» деген кабарында Көкүрөк оорулары боюнча адис доцент, доктор Шевкет Өзкая көптөгөн жылдардан бери туберкулез оорусунда колдонулган BCG вакцинасынын коронавирусту дарылоодо таасирдүү болушу мүмкүн экендигин айтканын жарыялады. Өзкая BCG вакцинасы жасалган Европа өлкөлөрүндө вирустун ылдам жайылгандыгын белгиледи. Кытай сыяктуу BCG вакцинасын жасаткан өлкөлөрдө каза болгон киши санынын вирус жугузган киши санына караганда аз экендигин белгилеген Өзкая Түркияда бөбөк кезинде BCG вакцинасынын берилип жаткандыгын айтты.

«Хүррийет» гезити «Саламаттык сактоо министрлигинен дүйнөдө биринчи жолу» деген маалыматында саламаттык сактоо министрлиги Ковид  - 19 эпидемиясына каршы жүргүзүлгөн күрөштө алдыңкы орунда саламаттык сактоо кызматкерлеринин психикасын сактоо жана колдоого алынышы үчүн мобилдик колдонмону турмушка ашыргандыгын жазган. Медициналык кызматкерлеринин бул пандемия процессинде  өздөрүн жалгыз сезбеши жана күчтүү болуулары үчүн чыгарылган Психикалык саламаттык боюнча колдоо системасы мобилдик аппарттарга түшүрүлүүдө. Бул колдонмо менен медициналык кызматкерлерине камера аркылуу сүйлөшүү жана колдоо мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

«Ватан» гезити «Улуттук тилектештик акциясына колдоо 1, 7 миллиард лирага жакындады» деген макаласында Ковид  - 19га каршы көрүлгөн чаралардын негизинде президент Р. Т. Эрдогандын жол башчылыгында «Биз өзүбүздү багабыз Түркиям» деген ураан менен башталган Улуттук колдошуу акциясына жарандык коом уюмдары, иш дүйнөсү жана кайрымдуу кишилер менен жарандардын колдоосу күн өткөн сайын өсүп бараткандыгын жазган. Ушул күнгө чейин акцияга  1 миллиард 689 миллион 101146 лиралык багыш чогултулду.

«Стар» гезити «Ливиянын тагдырын өзгөрткөн колдоо : Триполини Түркия коргоду» деген кабарында Ливияда козголоңчу Хафтердин өзүнө караштуу куралдуу кишилерге борбор шаар Триполини колго алуу үчүн кол салуу буйругун бергенден бери бир жылдын өткөнүн жазган. Түркия менен түзгөн келишим жана Анкаранын берген аскердик колдоосу менен ылдам түрдө өзүнө келген Улуттук ынтымактык өкмөтү Триполинин кулашына тоскоол болду. Түркия берген куралдуу учкучсуз аба аппараттары учкан аймактарда Хафтер күчтөрү кыймылдай албай турган абалга келди. Триполиден Туниске чейин кеткен жол Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн колуна өттү.



Тектеш кабарлар