Түрк басма сөзү 10.04.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1395250
Түрк басма сөзү 10.04.2020

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган Түндүк Македониянын президенти менен сүйлөштү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровский менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө жаңы тип коронавирус менен күрөшүүдө кызматташуу темалары, эки тараптуу карым- катнаштар менен аймактык маселелер каралды.

"Хүррийет» гезити «Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын коронавирус күн тартиби тууралуу маалымат берди» деген кабарында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Аль Жазирага жазган макаласында : «Баарыбыз коопсуз болмоюнча эч бирибиз коопсуз эмеспиз. Бүгүндөн тарта эч бир аймак, улут же өлкө үчүн маданий иерархиялар, экономикалык кол тийбестиктер жана артыкчылыктар сөз болбойт. Эч бир өлкө бул согушта жалгыз күрөшө турган абалда эмес»,- деп жазды.

«Сабах» гезити «Тышкы иштер министрлиги: Сирия режими эсеп бериши керек» деген макаласында тышкы иштер министрлиги тарабынан химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун териштирүү жана аныктоо тобу билдирген биринчи отчетунда 2010 -  жылы Сириянын Лтаменах кыштагында болгон 3 химиялык курал кол салуусунун Сирия өкмөтү тарабынан жасалгандыгы аныкталгандыгы билдирилип : «Бала  - чака дебестен 9 жылдан бери өз жарандарын өлтүргөн өкмөттүн эсеп бериши керек»,- деп билдирилди.

«Стар» гезити «НАТОнун Бельгиядагы SHAPE штабынан Түркиянын жардамдары үчүн ыракмат» деген маалыматында жаңы тип коронаврус менен күрөшүүнүн негизинде Түркиянын чет өлкөлөргө берген жардамдарына ыраазычылыктардын билдирилгендигин жазган. НАТОнун Бельгиянын Монс шаарындагы Европа союздаш күчтөрүнүн жогорку штабынан (SHAPE) Ковид – 19 эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде Босния Герцеговинага медициналык каражаттар боюнча жардам берген Түркияга ыракмат айтылды.

"Хабер түрк" гезити «Бал экспортунан 6,9 миллион доллар киреше» деген кабарында Түркиядан бул жылдын биринчи чейрегинде 38 өлкөгө жасалган бал экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 9 пайызга өсүп, 6 миллион 921120 долларга жеткенин маалымдаган. Германия, Сауд Арабия, АКШ, Кувейт, Австрия эң көп бал экспорттолгон өлкөлөр болоду.



Тектеш кабарлар