Түрк басма сөзү 03.04.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1390408
Түрк басма сөзү 03.04.2020

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан коронавирус менен күрөшүү тууралуу маалымат» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын жаңы тип коронавирус менен күрөшүүдө Түркиянын саламаттык сактоо ифраструктурасынын, кызматкер, дары  - дармек, медициналык каражаттар жагынан башка көптөгөн өлкөгө салыштырганда  мыкты абалда экендигин айтканын жазган. Президент Эрдоган твиттерден маалымат берип : «Саламаттык сактоо инфрастуктурабыздын күчү менен коронавируска каршы күрөш сыяктуу бир процессти да үлгү боло тургандай болуп өткөрөбүз»,- деди.

«Ватан» гезити «88 өлкө Түркиядан медициналык каражат талап кылды» деп жарыялаган маалыматында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын коронавирус менен күрөшүү процессинде 88 өлкөнүн Түркиядан медициналык каражат талап кылгандыгын айтканын белгилеген. Кожа кечээ Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Европа регионалдык директору Ханс Клуге менен видеоконфеернция аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Ковид  - 19 пандемиясия тууралуу маалыматтарга токтолгон  Фахреттин Кожа менен Клуге Түркия менен Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Европа регионунун ортосунда 2020 – 2021 -  жылдарды камтый тургандай эки жылдык кызматташуу келишимине кол койду.

«Сабах» гезити «Коронавируска каршы вакцина эмгектери... министр Мустафа Варанктан билдирүүлөр» деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк коронавируска каршы вакцина эмгектери тууралуу кечээ өткөрүлгөн видеоконференцияда маанилүү маалыматтарды бергендигин жазган. Министр Варанк 14 башка   вакцина жана дары чыгаруу долбоорунун бар экендигин белгилеп, 40 мекемеден жүздөгөн иликтөөчүнүн бул тууралуу иштеп жатканын айтты.

«Стар» гезити  «Түркияга ыракмат айтты : эч унутпайбыз» деген макаласында Европа Парламентинин Түркия баяндамачысы Начо Санчез Амордун жаңы тип коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде Түркиянын Испанияга жиберген медициналык жардам материалдары үчүн ыракмат айтып : «Көрсөткөн жардамыңыздарды эч унутпайбыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Автомобиль сатуу биринчи чейректе 41 пайызга өстү» деп жарыялаган кабарында Түркиянын автомобиль жана жеңил соода автомобиль базары 2020 -  жылы март айынын акырында андан мурунку жылдын ошол эле мезгилине караганда 40.62 пайызга өсүп 124 403 даана болуп ишке ашканын жазган. Биринчи чейректе автомобиль сатууда 44,79 пайыз, жеңил соода автомобиль  базары да 26.03 пайыздык катнашта өстү. Жалпы базар коронавирус эпидемиясынан улам өндүрүш токтогон март айында болсо 1, 6 пайызга өсүп 50000 даана болуп ишке ашты.



Тектеш кабарлар