Түрк басма сөзү  31.03.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1388424
Түрк басма сөзү  31.03.2020

«Ватан» гезити «Президент Эрдогандан улуттук тилектештик акциясы» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын жаңы типтеги коронавируска каршы күрөштө «Биз өзүбүздү бакканга жетебиз Түркиям» деп баштатылган Улуттук тилектештик акциясы үчүн үй  - бүлө, эмгек жана социалдык тейлөө министрлиги тарабынан эсептин ачылгандыгын билдиргенин жазган. Эрдоган Түркиянын саламаттык сактоо инфраструктурасынын башка өлкөлөргө караганда мыкты абалда экендигин белгилеп : «Бардык муктаждыктарыбызды өзүбүз камсыз кыла алабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиядан  коронавирусту дарылоодо орчундуу кадам» деген кабарында Токат Гази Осман Паша университетинин инженерия жана табигый билимдер факультетинин биоинженерия бөлүмүндө коронвирусту аныктоо тестинде колдонуу үчүн жергиликтүү жана улуттук ферманттердин өндүрүлгөндүгүн жазган. Токат Гази Осман Паша университетинин проректору жана биоинженерия бөлүмүнүн мугалими профессор доктор Иса Гөкче  Кытайдан келген коронавирус тесттеринде 30 – 40 пайыз жаңылуу болгондугун, жергиликтүү жана улуттук өндүрүш менен жасалган ферменттер менен даярдала турган тесттерде болсо ийгилик катнашынын 99, 99 пайыз болорун айтты.

«Сабах» гезити «Эл аралык валюта фонду билдирди! Түркия жардам сураган өлкөлөрдүн арасында эмес» деген макаласында Эл аралык валюта фонду ЭВФнын Европа директру Пол Томсен Европанын чоң экономикаларынын  коронавирустан улам жабуулардын натыйжасында 3 пайыздык улуттук кирешедеги төмөндөө менен бетме  - бет экендигин айтканын жазган. Коронавирус эпидемиясынын дүйнө экономикасына берген чыгымы барган сайын өсүп, 81 өлкө ЭВФдан финансылык жардам талап кылды.

«Хабер түрк» гезити «Коронавирус талапты арттырып, жумушка алуу жарышы башталды» деген кабарында коронавирус эпидемиясынан жалпы дүйнөдө бир топ фирма жана жумушчулар келечек тууралуу санааркап жатса, Түркияда кээ бир фирмалар арткан талапка жооп берүүдө кыйынчылык тартууда. Өзгөчө маркет чынжырларында эпидемиядан улам дүкөн жана онлайн режиминдеги сатууларда олуттуу өсүү болду.  Мигрос 1000, Шок болсо 5000 кишини жумушка аларын билдирди.

«Йени шафак» гезити «Учкучсуз аба унаа аппатары жана учкуч санында рекорддук өсүү» деген маалыматында Түркияда учкучсуз аба унаа аппараты  жана учкуч санында рекорддук өсүү болгонун жазган. 2019 -  жылдын акырынан баштап учкучсуз унаа аппарат саны 34150гө, учкуч лицензиясына ээ киши саны болсо 52120га жогорулаган. Салмагы 500 грамм жана андан жогору болгон учкучсуз унаа аппаратын саткандардын, алгандардын, өндүргөндөрдүн, экспорттогондордун жана учургандардын системада каттоо ишин аткаруулары мажбур абалга келтирилди.



Тектеш кабарлар