Түрк басма сөзү 13.03.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1377611
Түрк басма сөзү 13.03.2020

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган Россиянын президенти Путин менен сүйлөштү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Россиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Эрдоган  - Путин сүйлөшүүсүндө 5 -  мартта Идлиб тууралуу кол коюлган кошумча протоколдун негизинде макулдашуу түзүлгөн жагдайлар тууралуу абалдар каралды.

«Хабер түрк» гезити «Акар : Россиянын аскердик делегациясы менен чоң катнашта макулдаштык» деп берген макаласында  улуттук коргоо министри Хулуси Акар Идлибдеги ок атышпоого байланыштуу сүйлөшүүлөр улантылып жаткан Россиянын аскердик делегациясы менен чоң катнашта макулдашуунун түзүлгөндүгүн жарыялады. Акар : «Идлибде аскерлерибиздин болушу улантылат. Чегинүү сөз болбойт, бөлүктөрүбүз өз ордуларында»,- деди.

«Сабах» гезити «Тышкы иштер министри Чавушоглу италиялык кесиптеши менен сүйлөштү» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Италиянын тышкы иштер министри Луиги Ди Маил менен жаңы тип коронавирус тууралуу сүйлөшкөндүгүн белгилеген. Чавушоглу италиялык кесиптешине Италияда каза болгон кишилерден улам көңүл айтты. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Түркия менен Италиянын ортосунда эпидемияга байланыштуу эмнелердин аткарылары да каралды.

«Хүррийет» гезити «Муглада түрк сууларына карай түртүлгөн 8 качкын куткарылды» деген маалыматында Мугланын Бодрум районунда грек жээк коопсуздук күчтөрү тарабынан түрк сууларына карай түртүлгөн 8 качкындын куткарылгандыгын жазган. Афганстандык качкындар куткарылып кургактыкка чыгарылды.

«Стар» гезити «АКШ журналы суктанды : түрк армиясынын супер күчү куралдуу учкучсуз унаа аппараты SİHA» деген макаласында  АКШда  The National Interest журналы түрк куралдуу учкучсуз унаа аппараттары тууралуу билдиргенин, «Жаз калканы» операциясында колдонулган куралдуу учкучсуз унаа аппараттарын мактоо менен Түркиянын бул тармакта чоң ийгиликке жетишкендигин билдиргенин жазган.  



Тектеш кабарлар