Түрк басма сөзү  06.03.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1373336
Түрк басма сөзү  06.03.2020

«Йени шафак» гезити «Ок атышпоо» деген макаласында Сирияда өкмөт жана Орусия кыргындары, жаңы көч толкуну жана Түркиянын «Жаз калканы» операциясынан улам бүткүл дүйнө жакындан изилдеген Идлиб кризисинин кечээ борбор шаар Москвада каралгандыгын жазган. Президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин 6 саатка созулган сүйлөшүүсүнөн «ок атышпоо» чечими чыкты. Ок атышпоо түн жарымы 00:01де күчүнө кирди. 

«Стар» гезити «Алтун ; Түркия адамзаттык апааттын болушун карап тура албайт» деген кабарында коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун сириялык качкындарга байланыштуу твиттерден берген маалыматында : «Биз түзгөн келишимдерибизден кайтпайбыз. Сирия өкмөтүнүн миллиондогон жаранды өлтүрүшүнө же чек арабызга карай сүрүшүнө уруксат бербейбиз. Сирия өкмөтү аймакта ашыкчасы менен хаоско жана кулатууларга себеп болду. Түркия эч нерсе кылбастан, көз алдындагы адамзаттык апаатты карап тура албайт»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Түркиядан Кытайга чоң экспорт! 500 пайызга өстү» деген макаласында жаңы тип коронавирус ортого чыккан Кытайга бир жолу колдонулуучу бет маска сатышы даяр кийим секторунун бул өлкөгө карата экспортун рекорддук деңгээлде өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн белгилеген.

Түркиядан Кытайга карата даяр кийимде тышка сатуу бул өлкөдөн келген бир жолу колдонулуучу бет маска талабынын таасири менен февраль айында 500 пайызга өсүп 30 миллион 500 миң долларга чыкты.

«Хабер түрк" гезити «Күндө 10 түрк доллар миллионери болот» деген кабарында борбору Британия болгон кеңешүүчү фирма Knight Frankтын отчетуна караганда 2019 -  жылдан баштап Түркияда 1 миллион доллар жана андан ашык байлыгы болгон киши саны 164 миң 938ге жеткендигин билдирген. Отчетто бул сандын 2024 -  жылы 183 миң 162ге жетери күтүлүүдө. Тактап айтканда фирма 5 жыл орточо 10 түрктүн доллар миллионери болушу күтүлүп жаткандыгын билдирген.

«Хүррйиет» гезити «Европанын эң мыкты 30 пляжы тизмесине Түркиядан пляждар кирди» деген кабарында Британияда The Guardianдын саякат жазуучуларынын Европанын эң мыкты 30 пляжын тандаганын жазган. Тизмеде Түркиядан да 5 пляж орун алды.



Тектеш кабарлар