Түрк басма сөзү  03.03.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1370916
Түрк басма сөзү  03.03.2020

«Стар» гезити «Эрдоган: эртерээк Түркия белгилеген чектерге чегинишпесе ийиндеринин үстүндө баш калбайт» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын борбор шаар Анкарада сүйлөгөн сөзүндө : «Идлибдеги операцияларыбызды 34 шейитибизден кийин кеңейттик. Асад күчтөрүнө тарыхынын эң оор жоготуусун бердик. Эртерээк Түркия белгилеген чектерге чегинишпесе ийиндеринин үстүндө баш калбайт»,- дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Министр Сойлудан Грецияга «качкындар» тууралуу чакыруу» деген макаласында ички иштер министри Сүлейман Сойлу Европага баруу үчүн чек арада күтүп жаткан качкындарга Грециянын коопсуздук күчтөрү  тарабынан  газ жана үн бомбаларынын ыргытылгандыгына байланыштуу : «Грециянын аткара турган иши чек араларына барган кишилердин баш калкалоо талаптарын миграция мыйзамы жактан карап, коргоого алуулары керек. Бул процессте Грециянын жетекчилерин негизги мыйзамдык тексттерге, эң негизгиси да адамзаттыкка ылайык мамиле кылууга чакырабыз»,- дегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «БУУ: Түркия Идлибде жарандардын зыян тартпашы үчүн этияттык менен кыймыл кылууда» деген кабарында БУУнун Эл аралык көз карандысыз Сирия иликтөө комиссиясынын мүчөсү Хенни Мегаллинин : «Түркия Идлибде жарандардын зыян тартпашы үчүн этияттык менен кыймыл кылууда»,- дегенин белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Түркияда туризм» деген маалыматында Кытайда чыккан коронавирустан улам круиздик  фирмалар Ыракы Чыгыш турларын жойо баштаганын билдирген. Фирмалардын жаңы багыттары болсо Кара деңиз болду. Стамбулдан жолго чыга турган чоң жүргүнчү кемелер оболу Синоп портуна учурап, андан кийин Трабзон жана Грузияда Батум портуна барат. Ушундайча туризмде олуттуу кыймылдуулук башталат.

«Сабах» гезити «Анталияда рекорддун артынан рекорд келди» деген макаласында туризмде 2020 – жылдын январь айында бардык учурлардын эң жогорку мезгилдик турист санына жеткен Анталиянын дагы бир жаңы  рекордго жетишкендигин жазган. Шаарга эки айда 30 пайыздык өсүү менен 388.994 турист келди.



Тектеш кабарлар