Түрк басма сөзү 27.02.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1367360
Түрк басма сөзү 27.02.2020

 

«Хабер түрк» гезити: «Асадга берилген мөөнөт бүтүп баратат» деген катарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Сириянын Идлиб аймагы темасында так билдирүү айтканын жазган. Сочи макулдашуусуна баш ийбеген Башар Асадга: «Берилген мөөнөт бүтүп баратат» деген Эрдоган, Идлибде артка кадам таштабайбыз. Режимди белгиленген чектердин тышына чыгарабыз»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити: «Латындардын Түркияга болгон кызыгуусу Түрк аба жолдорун учурду» деген маалыматында латындардын Түркияга болгон кызыгуусу Түрк аба жолдоруна оң чагылганын билдирген. Түрк аба жолдору өткөн жылдын август айында баштаган Мексикага каттамдарын жүргүнчү талабынан улам көбөйтүүнү чечти. Түрк аба жолдору жумасына 3 рейм түрүндө жүргүзүлгөн Стамбул-Мехико-Канкун-Стамбул каттамдарын 8-июндан тарта жумасына төрт жолу жүргүзөт. Түрк аба жолдору Мексика багытында жылына 100 миң жүргүнчүнү ташууну максаттап жатат.

«Ватан» гезити: «Түркиянын үчүнчү бургулоо кемеси жолго чыкты» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Урматтуу президентибиз кабарлаган үчүнчү бургулоо кемебиз жолго чыкты. Элибиздин колдоосун алган кемебиз өлкөбүзгө келе жатат»,- деди. Бургулоо кемесин Түркия Англиядан сатып алды.

«Сабах» гезити: «Буюртмалар Түркияга келет» деген маалыматында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирустун себебинен өлкөдө токтоп калган өндүрүш жана вирус коркунучу, бренддерди альтернативдүү рынокторго багыттап жатканын билдирген. Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк да темага байланыштуу билдирүүсүндө Кытайдагы товарлар өндүрүшүнү бир бөлүгүнүн Түркияга жыла турганын маалымдады.

«Стар» гезити: «Түркия уткандар лигасында жогорку катарларда орун алат» деген кабарында Президенттиктин стратегия жана бюджет боюнча башчысы Нажи Агбал, Түркиянын келечекте дүйнөдө уткандар лигасында жогорку катарларда орун ала турганын белгилегенин жазган. Агбал жылдыза жанган Түркиянын келечекте дүйнөлүк соодадан дагы көп үлүш алаарын билдирди.

 



Тектеш кабарлар