Түрк басма сөзү  25.02.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1365936
Түрк басма сөзү  25.02.2020

«Стар» гезити  «Ливиянын тышкы иштер министри : «Түркия жарандарды коргоо үчүн өлкөбүздө» деген макаласында Ливия улуттук ынтымактык өкмөтүнүн тышкы иштер министри Мухаммед ет  -  Тахир Сеййале Түркиянын борбор шаар Триполиде жарандарды коргоо үчүн өлкөдө экендигин баса белгилеп : «Түркия болбогондо азыркы учурдагы позициябызда болуу мүмкүн эмес эле. Түркиянын Ливияда болушу аянтта тең салмактуулукту түзүп жатат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Туризмде  2020  рекорд менен башталды» деген кабарында туризмде 2019 -  жылды рекорд менен жапкан Түркиянын жаңы жылды ылдам баштагандыгын, январь айында чет элдик турист санында өсүү болгондугун жазган. Жылдын биринчи айында Түркияга 1 миллион 787 миң 435 чет элдик турист келген. Андан мурунку бир жылдын ошол эле айына караганда чет элдик турист санында 16, 11 пайыздык өсүү болду.

«Хүррийет» гезити «Түрк туризми келерки жылдарда дагы жакшы болот» деген маалыматында Дүйнөлүк туризм уюмунун төрага орун басары Гунтер Ихлаунун түрк туризминин келерки жылдарда дагы жакшы болорун айтканын жазган. Илхау Түркиянын акыркы 20 жылда туризм тармагында өнүккөндүгүн белгиледи.

«Ватан» гезити «Кийим боюнча ири  фирмадан Түркия тууралуу чечим» деген кабарында  Примарк фирмасынын ээси AB Foodsтун финансы бөлүгүнүн башчысы Жон Бэйсон коронавирустун Кытайдан импорттолгон кийим материалдарынын өткөрүлүшүн аксатуусу менен Түркия да араларында болгон кээ бир өлкөлөр менен сүйлөшкөндөрүн билдиргенин жазган. Февраль айынын башында өндүрүшү Кытайда болгон даяр кийим фирмалары коронавирустан улам түрк фирмалары менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.

«Хабер түрк» гезити «Толкунданткан абал, чарасы Түркияда болушу мүмкүн» деген маалыматында түрк илимпоз профессор доктор Ибрахим Бентер чыгарган ‘ACE2/Angiotensin-(1-7) аттуу система менен Кытайда башталган жана кыска убакытта бүткүл дүйнөгө жайылган жаңы тип коронавирусту алдына алууга болорун айтканын жазган. Бентер тапкан методдун азыркы учурда бул оорулууларга жардам бере ала турган эң таасирдүү метод экендигин белгиледи. Эмгектеринин кыска убакытта такталарын баса белгилеген Бентер : «Менин оюмча коронавируска каршы чечүүчү жолдун Түркиядан чыгышы мүмкүн»,- деди.



Тектеш кабарлар