Түрк басма сөзү  21.02.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1363613
Түрк басма сөзү  21.02.2020

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан Германиядагы кол салуу тууралуу билдирүү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Улут китепканасынын ачылуу аземине катышкандыгын жазган. Германиянын Ганау шаарында эки кафеге жасалган жана араларында түрктөр да болгон көп сандаган киши каза болгон кол салуу тууралуу сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Тийиштүү бардык бөлүктөрүбүз процессти жоопкерчилик менен иликтеп жатат. Немис мекемелеринин кол салууну ачыкка чыгаруу үчүн бардык аракетти көрсөтөрүнө ишенем»,- деди.

«Сабах» гезити «НАТОдон Түркияга колдоо" деген кабарында Түндүк Атлантика Келишими Уюму НАТО Түркиянын союздаштыкка кошкон салымын баяндаган клипти бөлүшкөндүгүн билдирген. НАТОнун расмий твиттер эсебинен жарыяланган клипте Аскердик раектив учкучу Эсра Өзатайдын айтымы боюнча Түркиянын союздаштыкка кошкон салымдары билдирилди.

«Ватан» гезити «Казына жана финансы министри Албайрак : кризис каалагандардын кыялы орундатылган жок» деген макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрактын инфляция, курс жана пайызда жакшыруунун болгонун айтканын жазган. Кечээ Газиантепте ишкерлерге кайрылган Албайрак көрүлгөн чаралар экономикадагы бардык мекемелерди ортого салган күчтүү координация жана иш дүйнөсүнө берген колдоо менен кризис каалагандардын кыялы оорундалбагандыгын айтты.

«Йени шафак» гезити «Орусиядан алты, Германиядан 3 миллион турист күтүп жатат» деген маалыматында өткөн жылы Орусиядан 5, 5 миллион, Германиядан 2 миллион 600 миң киши келген Анталия эрте резервацияларга караганда бул жылы эки негизги базардагы үлүшүн арттырууну максат кылууда. Жер Ортолук деңиз туристтик мейманканалар жана операторлор биримдигинин төрагасы Эркан Ягжы  : «Өткөн жылы январь айында Орусиядан 37.314, Германиядан болсо 29.607 киши келди. Бул жылы ошол эле мезгилде Орусиядан келген турист саны 57. 177, Германиядан келген турист саны да 40.669 кишиге жогорулады»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Чанаккале көпүрөсүнүн курулушу  аяктап бара жатат» деген макаласында  2017 -  жылы 18 -  мартта пайдубалы түптөлгөн, Түркия республикасынын курулушунун 100 – жылына карата узундугу 2023 метр боло турган 1915  Чанаккале көпүрөсү үчүн Европа жана Анадолу жактарында деңиз ичинде жана кургактык иштери үзгүлтүксүз улантылууда. Курулуп бүткөндө «дүйнөнүн эң ири асма көпүрөсү боло турган көпүрөнүн Сүтлүже жана Шекеркая жакындарындагы бөлүмүндө бири биринин үстүнө коюлган мунара блокторунун 56, 3 пайызы монтаждалды.



Тектеш кабарлар