Түрк басма сөзү-10.02.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1356436
Түрк басма сөзү-10.02.2020

«Хүррийет» гезити «Кылымдын планына президент Эрдоган катуу карышылык көрсөттү» аттуу маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдогандын Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурда өткөрүлгөн Парламенттер аралык Кудс платформасына билдирүү жөнөтүп, АКШ башкаруучулугунун бир беткей Жакынкы Чыгыш планына каршылыгын көрсөткөнүн жазган. Президент Эрдоган билдирүүсүндө: «Дүйнө жүзүнүн күн тартибине жалган «Кылымдын планы» деген аталыш менен кирген жана Кудсту Израилдин борбору деп жарыялаган план, аймакта тынчтык жана ынтымакты коркунучка салган кыялдануудан башка нерсе эмес. Бул кыялдануунун ишке ашуусуна уруксат бере албайбыз. Палестинанын жерлерин аннекциялоо түшүнүгүн берген Плестинаны толугу менен жок кыла турган жана Кудсту толугу менен басып алган бул планды тааныбайбыз »,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Басып алуу планына каршы Италиядан Түркияга күтүлбөгөн сунуш» аттуу маалыматында Италиянын Өкүлдөр Палатасынын эл өкүлү Мишель Пирас, Малайзиядагы конференцияда сүйлөгөн сөзүндө, «Түркия жана Италия, АКШнын президенти Дональд Трамптын жалган тынчтык планына каршы Палестина үчүн альтернативалык тынчтык планын даярдай алат»,-дегенин баяндаган.

«Стар» гезити «Түркия үчүнчү бургулоочу кемеге ээ болду» аттуу маалыматында Түркия мунай заттары Акционердик Өнөктөштүгү (TPAO) Чыгыш Жер Ортолук деңизде колдоно турган үчүнчү бургулоочу кемесине аукцион аркылуу ээ болгонун жазган. TPAO үчүнчү кемени Англияда өткөрүлгөн аукциондо 37,5 миллион долларга сатып алды.

«Сабах» гезити «Министр Варанк, 4-Улуттук Антарктика илим саякаты үчүн жол тарткан делегацияны узатты» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын 4-Улуттук Антарктика илим саякаты делегациясын «Стамбул» аэропортунда өткөрүлгөн азем менен узатканын маалымдаган. Варанк, саякатта жетишиле турган көрсөткүчтөрдүн эл аралык илимий эмгектерде бүткүл дүйнөгө бериле турганын белгилеп, «Саякатыбыздын алкагындагы изилдөөлөр акрылуу материкте биздин болушубуз чыңдалып туруктуу Түрк Антарктика Илимий Базасы эмгектеринде акыркы баскычка келген болобуз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Кошулууда Түркия маанилүү борбор» аттуу маалыматында Исламий банктар жана финансы мекемелери башкы кеңешинин башкы катчысы Абделилах Белатиктин Түркиянын кошулуу банкчылыгы жагынан маанилүү базар болгонун айтканын жазган.Белатик: «Түркия өз потенциалы жана андан кий»ин ылдам өнүккөн Азиядагы базарларга жетүүдө абдан маанилүү борбор»,-деди.



Тектеш кабарлар