Түрк басма сөзү-05.02.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1353732
Түрк басма сөзү-05.02.2020

«Стар» гезити «Эрдоган; Идлибдеги кол салуунун режим үчүн оор чыгымы болот» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Украинадан кайтып келе жатканда учакта массалык маалымат каражаттарынын мүчөлөрүнө маалымат бергенин баяндаган. Сириянын Идлиб аймагында Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлерине карай мыкаачылык кол салуу тууралуу Башар Асад режими үчүн мунун оор жыйынтыктары боло турганын айтып, кол салуунун Идлиб меморундумунун ачык бузулушу болгонун белгилеген Эрдоган: «Режим үчүн албетте мунун жыйынтыктары да оор болот»,-деди.

«Ватан» гезити «Чавушоглу, Асадга жооп кайтардык, кайтарууну улантабыз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түрк аскерине карай мыкаачылык кол салуудан кийин маалымат берип, «Кол салууга жооп кайтардык, көп чыгымга учурашты, уландысы болот»,-деп айтканын баяндаган. Чавушоглу Орусиянын «Асад режимин толук көзөмөлгө ала албай жатабыз» деген шылтоолорун туура деп таппагандарын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын калкынын саны 83 миллиондон ашты» аттуу кабарында Түркиянын калкынын саны 2019-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу 1 миллион 151 миң 115 киши көбөйүп, 83 миллион 154 миң 997 кишиге жеткенин маалымдады.Түркиянын статистика мекемеси 2019-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгын жарыялады.Буга караганда 2018-жылдан тарта 82 миллион 3 миң 882 киши болгон өлкөнүн калкынын саны 1 миллион 151 миң 115 киши көбөйүп өткөн жылы 83 миллион 154 миң 997 кишиге жетти.

 «Йени шафак» гезити «Коронавирустан качкан орустар жашылча-жемиш жагынан Түрк базарына багыт алды» аттуу маалыматында Кытайда күн өткөн сайын жайылган жана көп сандаган өлүмдөргө себеп болгон коронавирустун коркунучтуу деңгээлге жетишинен кийин электрондук соодада Түрк товарларына талап 5 эсе көбөйсө, Кытайдан жашылча-жемиш импорттогон өлкөлөр Түркия базарына багыт алганадырын жазган. Орусия Түркиядан помидор импортун 200 миң тоннага жеткирүүгө карай токтом долбоорун даярдады. Кытай чек арасынын өтүүгө жабылышынан кийин Орусиянын жооптуу кызматкерлери Түркия базарына багыт алгандарын жарыялады.

«Сабах» гезити «Түркия инвестицияда борбордук өлкө болот» аттуу маалыматында Түркияда Англиянын Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Крис Гонттун Түркия жана Стамбулдун Чыгыш Европа жана Орто Азия желесинин ичинде орун алган 14 өлкөнүн борбору боло турганын белгилегенин жазган. Түрк фирмалары менен англис фирмаларынын бул 14 өлкөгө жетүүсүн камсыздаш үчүн иштей тургандарын белгилеген Гонт: «Түрк фирмаларынын ансыз деле Орто Азия, Түндүк Африка жана Орусияда күчтүү кызматташтыктары бар. Биз муну соодабызды арттыруу жана дагы көп инвестиция тартуу үчүн абдан өзгөчө мүмкүнчүлүк катары көрүүдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар