Түрк басма сөзү  31.01.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1350679
Түрк басма сөзү  31.01.2020

«Стар»  гезити «Министр Чавушоглудан түрк байрагын жырткан расист депутатка катуу каршылык» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Европа Парламентинде түрк байрагын жырткан расист грек депутат Иоаннис Лагоско катуу каршылык көрсөткөндүгүн жазган. Чавушоглу : «Көркөмдүү байрагыбызга жеткен колдорду кандай сындырганыбызды, деңизге кандай түшүргөнүбүздү бул расист аң – сезимдер жакшы билишет. Европанын эрке, расист балдары өздөрүн билсин»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Челик : Өзүнүн кандай экендигин көрсөттү» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик кечээ берген маалыматында Европа парламентинде түрк байрагын жырткан расист грек депутатка каршылык көрсөтүп : «Европа Парламенти демократияны өнүктүрүүнүн ордуна расистерге багына турган болсо Европа  баалуулуктарын жок кылууну каалагандардын адреси болот. Грек расист депутат бир гана өзүнүн кандай экендигин көрсөткөн болду»,- деди.

«Ватан» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Макронго катуу каршылык» деген маалыматында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Түркияга карата чындык тышы сөздөр менен күн тартип жаратууга аракет кылгандыгын айтканын жазган. «Франциянын президенти Еммануэль Макрон бүгүн Грециянын премьер  - министри менен өткөргөн биргелешкен пресс  - жыйынында өлкөбүзгө карата чындык тышы сөздөр менен күн тартип жаратууга аракет кылды»,- деген Аксой Ливияда кризис башталган 2011 -  жылдан бери болуп келе жаткан кыйынчылыктарда негизги жоопкерчиликтин Францияда экендигин айтты.

«Сабах» гезити «Армиянын генералы Гүлер орусиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү» деген кабарында башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер кечээ Орусиянын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Валерий Герасимов менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирген. Сүйлөшүүдө Идлибдеги абалдар тууралуу пикир алышууларда болушту.

«Хүррийет» гезити «Ара Гүлердин чыгармаларынан тандалмалар Римде» деген кабарында президенттик тарабынан Ара Гүлер музейи менен Архив жана изилдөө борборунун кызматташуусу менен 2018 -  жылы каза болгон фотограф жана фото – кабарчысы Ара Гүлердин чыгармаларын дүйнөнүн негизги шаарларына алып баруу үчүн өткөрүлгөн «Ара Гүлер фотограф көргөзмөсү» Италиянын борбор шаары Римде өнөр сүйүүчүлөр менен жолугушкандыгын жазган. Көргөзмө 3 -  майга чейин тарыхый Трастевере музейинде болот.



Тектеш кабарлар