Түрк басма сөзү  28.01.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1348722
Түрк басма сөзү  28.01.2020

«Йени шафак» гезити «АФАДдын төрагасы билдирди : уранды астындагы акыркы жарандын жансыз денеси чыгарылды» деген кабарында Апаат жана чукул абалдарды башкаруу АФАддын төрагасы Мехмет Гүллүоглунун Элазыгда болгон жер титирөөдө уранды астындагы акыркы бир кишинин жансыз денесинин чыгарылгандыгын билдиргендиигн жазган. Жер титирөөдө каза болгондордун саны 41ге жетти.

«Сабах» гезити «Эрдоган : «Ливия үчүн жол картасы белгилүү» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын үч өлкөнү камтыган Африка сапарынын биринчи бөлүгүн аяктап Алжирден Гамбияга баратып учакта журналисттер менен маектешкендигин жазган. Ливия тууралуу маалымат берген Эрдоган : «Жол картасы белгилүү. БУУнун чатыры астында эл аралык мыйзамдуулугу болгон өкмөттүн жол башчылыгында ок атышпоонун дароо ишке ашырылып жана саясий процесст алдыга жылдырылышы керек»,- деди.

«Стар» гезити  «АЛО мунарасында жергиликтүү жана улуттук мезгил» деген маалыматында коргонуу өнөр жай тармагындагы орчундуу технологияларды жарандык секторго алып келүү жолунда биринчи кадамдын бирин Мамлекеттик аэропорттор мекемеси таштаганын белгилеген. Түрк куралдуу күчтөрү үчүн чыгарылган IP негизинде  жергиликтүү жана улуттук үн байланыш системасы 11 аэропортто колдонула баштады.

«Хабер түрк» гезити  «Туризмчилер эрте резервация кубанычы» деген кабарында туризм сектору эрте резервацияда болуп жаткан кыймылдуулук менен бул жылы жаңы бир рекорд белгилерин берип жаткандыгын белгилеген. Түркия саякат агенттиктери биримдигинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Толга Генжер : «Жрте резервацияга абдан көп талап бар. Өткөн сезондо эс алгандардын 40 пайызы эрте резервациядан пайдаланган. Бул сезондо да ошол эле катнаш боло тургандай»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан Коби Брайант тууралуу бөлүшүү» деген маалыматында президент Эрдогандын тик учар кырсыгында каза болгон легендарлуу баскетболчу Коби Брайант тууралуу : «Сансыз спортчуга баскетболду сүйдүргөн легендарлуу Коби Брайанттын өлүмүнөн терең кайгыландым. Бир  баскетбол сүйүүчүсү жана Түркиянын президенти катары үй  - бүлөсүнө жана жакындарына кайгымды билдирип, көңүл айтамын»,- деди.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар