Түрк басма сөзү  21.01.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1344619
Түрк басма сөзү  21.01.2020

«Сабах» гезити «Эрдоган Берлинден кайтышында маалымат берди» деген кабарында президент Р. Т. Эрдоган Ливияда Түркиянын болушу тынчтык үмүтүн артыргандыгын айтканын жазды. Президент Эрдоган Германиядагы программасынан кийин өлкөгө кайтып жатып учакта берген маалыматында Берлиндеги Ливия конференциясына байланыштуу : «Биз күчтүү мамлекет болгон болсок, күчтүү мамлекет катары бизден бир топ күтүүлөр бар. Түркия тынчтыктын ачкычы. Ливия тууралуу таштаган кадамдар процессти тең салмактуулукка алып келди. Аянтта жана столдо саясий процесске колдоо берүүнү улантабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Ибрахим Калын : Берлин саммити Ливияда кагылышуулардын токтошу жана саясий чечүүчү жол үчүн маанилүү бир мүмкүнчүлүк» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын кечээ Берлин саммитине байланыштуу маалымат бергендигин жазган. Калын Берлин саммити Ливияда кагылышуулардын токтошу жана саясий чечүүчү жол үчүн маанилүү бир мүмкүнчүлүк»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Албайрактан маанилүү билдирүү» деген кабарында казына жана финансы министри Берат Албайрактын 2019 -  жылга баа берүү жыйынында сөз сүйлөгөндүгүн билдирген. Берат Албайрак 2020 – жылдын бир кааналуу инфляция менен кирилген бир жыл болорун айтты.

«Хүррийет» гезити «Чет элдиктер былтыркы жылы эң көп Стамбул жана Анталиядан турак жай алды» деген макаласында 2019 -  жылы чет элдиктерге эң көп турк жай сатылган облустардын Стамбул, Анталия жана Анкара болгондугун жазган. Стамбулдагы турак жай сатуу өткөн 2019 -  жылы 2018 -  жылга салыштырганда  46, 2 пайызга артып 20857ге жеткен болсо, Анталияда 8951, Анкарада 2539 турак жай сатылган.

«Стар» гезити «ТЕКНОФЕСТ – 2020нын күнү чыгыштан бийиктейт» деген кабарында ТЕКНОФЕСТ  бул жылы улуттук күрөштүн ардагер шаары Газиантепте өткөрүлөрүн маалымдаган. Эки жылдан бери зыяратчы рекордуна жеткен, дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы ТЕКНОФЕСТ 2020 -  жылы 22 – 27 -  сентябрь күндөрү Газиантеп аэропортунда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар